Сүрөтбаян: Базар-Коргон таштандыдан арылды

Базар-Коргон районундагы айылдарда 8-июнь күнү ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликти «Эко Деми» фондусу тарабынан демилге көтөрүлүп, биринчи Жалал-Абад областык администрациясынан колдоо каты келген. Ошонун негизинде 7-июнь күнү Базар-Коргон районундагы Арсланбоб, Кызыл-Үнкүр, Могол, Талды-Булак айыл аймактарында ишембилик өткөрүлсө, бүгүн 8-июнь күнү Кеңеш, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Акман, Сейдикум айыл аймагында жашаган тургундар, мектептеги мугалимдер, бала бакчалар, Финка банкы жана мамлекеттик ишканаларда иштеген кызматкерлер тазалык акциясына катышышты.

Ар бир айыл аймак өздөрү жашаган айылдардын айланасын тазалап, таштандылардан арылтышты.

Базар-Коргон райондук администрациясынын алдындагы бакты тазалоо учуру.

 

Райондун базарындагы таштандыларды тазалоо.

Бишкек-Ош жолундагы таштандыларды тазалоо.

 

«Бүгүнкү тазалык акциясынын райондун администрациясы тарабынан уюштурдук. Ош-Бишкек, Арсанбоб-Базар-Коргон, Кызыл-Үнкүр авто жолдорундагы таштандыларды тазалоо иши жүрдү,»-деп билдирди Райондук администрациясынын акимдин орун басары Замира Адышова.

«Акцияга Базар-Коргон районуна караштуу баардык мекеме ишканалар, айыл өкмөттөр, билим берүү бөлүү, мектепке чейинки ишканалар жана кызыл футболка кийген Финка банкынын кызматкерлери тазалоо иштерине активдүү катышып жатышат,»-деди Адышова.

«Тазалык деген-таза жашоо, тазалыкты сактоо дегенде, сөзсүз эле аны ыргытып жиберип, анан топтоп алуу эмес. Таштандыларды таштабоого, тазалыкты сактоого үндөп жатат. Ошондуктан бүгун аябай көп адам чыкты, демилгебиз биздин максатыбыз жолдо жүргөндө жүргүнчүлөр, өзүбүздүн эле адамдар таштап жатышат. Пластик бөтөлкөлөрдү, пластик баштыкчаларды ыргытпаса, аларды атайын урналарга салышса. Келечекте жаш муундарды тазалыкты, айлана-чөйрөнү сактоого үйрөтүү-бул бүгүнкү күндүн башкы максаты болду. Мен Базар-Коргон районунун жашоочуларын таза жашоого, таштандысыз, жаратылышы кооз жерибизде таза абадан дем алып, таштандысыз жашоого чакырып кетет элем,»-деп билдирди акимдин орун басары Адышова.

Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн кызматкери Канназаров Теңдик төмөндөгүлөргө токтолду:

«Бүгүнкү ишембилике биз Базар-Коргон районундагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да активдүү катыштык. Биздин айыл өкмөттөгү кызматкерлер тазалык акциясына толук катышып, райондун айланасын тазаладык. Мындай акциядан кийин мен атуулдарга айтмакмын, тазалыкты сактабасак, баарын ыргытып, таштап, таштандыларга толтура берсек, анда биздин дуйнө эли суктанган жаратылышыбыздын көркү калбай калуусу мүмкүн. Келгиле таза жашоого үйрөнөлү!»

Акция өз максатына жетип, айлана- чөйрө тазаланды. Уюштуруучулардын айтымында мындан ары да ушундай акциялар улантыла берет.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ