Суусамыр айылдык кеңешинин 28-кезексиз отуруму болду

124

Бүгүн 7-июнь саат 9:00 до Суусамыр айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 28-кезексиз сессиясы болду.

Алгач мурдагы өткөн сессияда каралган маселелер туурасында айыл өкмөт башчысы Отунчиев Урмат тарабынан отчет берилди. Отчетто “Достук” муниципалдык ишканасы, жаңы курулуп бүткөн футбол аянтчалардын иштөө тартиби, айылды жарыктандыруу боюнча маселелер туурасында айтылды. Андан тышкары, айыл өкмөт Суусамыр айылындагы Тынчтык көчөсүн асфальтоо, Кожомкул айылынын башталгыч мектебин ремонттон өткөрүү жана Тунук айылына ФАП салуу боюнча долбоор уюштурулуп, азыркы күндө Кожомкул айылынын башталгыч мектебинин куруу иштери туурасында келишим түзүлгөндүгүн  айтты.

Андан соң, отурум башталып, күн тартибиндеги маселелер каралды.

Эң негизги маселе катары ОсОО “Элко-сервис”Лимитед” компаниясынын Суусамыр айыл өкмөтүнө кайрылуусу каралган, бирок бул компаниянын өкүлдөрү белгилүү бир себептерден улам сессияга келишкен жок.

Андан кийинки сөз, Суусамыр айыл өкмөтүнүн беш айда киреше булагынан пландан ашык түшкөн акча каражатына смета кароо тууралуу болду. Бул туурасында башкы бухгалтер Эльмира Такырбашева жергиликтүү депутаттардын суроосуна жооп берип, өзүнүн отчетун берди.

3-маселе Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдык мааракесин өткөрүү тууралуу болду. Маселеде айыл өкмөтү ар бир айылды кыдырып, эл менен баарлашкандыгын айтып, демөөрчү болом деген адамдардын атын атады. Ал эми тойдун кайсы убакта, кайсы жерде, кандай форматта андан тышкары кандай оюн-зооктор болору туурасында такталып, чечилгенден кийин калкка официалдуу түрдө жарыя кылынарын белгиледи.

Сессиянын акырында жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан күндүн ар кандай маселелери каралып, айыл өкмөтү менен биргеликте сөз болду. Ар кандай маселелерде жайыт комитетинин иши, таза суу меселеси жана башкалар туурасында сөз болду.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы