Сары-Булуң айылында энелер грамота жана белектерге ээ болушту

59

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы энелерге чакан концерт уюштурулду.

Бул кече Сары-Булуң айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган. Концерт №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинде өткөрүлдү. Бул концертке Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынан 50дөн ашык баатыр энелер чакырылган. Концерттин жүрүшүндө №7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинин окуучулары тарабынан энелерге жагымдуу маанай тартууланды. Келген энелер да концерттин көркүн чыгарып ырдап, ар кандай өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшүп, көңүл ачып кетишти.

Чакырылган энелерге номинация грамоталар тапшырылып, чакан белектерге ээ болушту.

Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери билдирди.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова