Медер Өмүрзаков: «Акыркы жылдары энелердин өлүмү азыраак катталып баштады»

116

Бейиш энелердин таман алдында. Бул таамай айтылган сөз эне сүтүн актоо оңой эмес экенин көрсөтүп турат. Тогуз ай толгоо тартып, жарык дүйнөгө алып келген апалар баласы үчүн эмнени гана кылбайт. Тамтуң басып калганда наристеси жыгылып кетсе эненин жүрөгү солк этет. Алыска кетсе санаасы санга бөлүнүп уул кызынын амандыгын тилеп, кирпик какпай таң атырган да эне. А түгүл үй жайлуу болгон маалда да, балам келет деп сары май менен токочун камдап, аларды учурган уяда сагынып күткөн да эне.

2012-жылдын 23-апрелинде №93 Алмазбек Атамбаевдин энелер күнүн белгилөө жарлыгына кол койгон Жарлыкта «Энени сыйлоо жана урматтоо салтына ылайык эненин балдарды тарбиялоодогу маанилүү ролун таанып билүү үй- бүлөнү бекемдөө, коомду өнөктөрүүгө кошкон салымы, кыргыз элинде терең мааниге ээ деп айтылат. Ошондой эле жетиден ашык баланы тарбиялаган апаларга баатыр эне, ал эми алты балалуу болгондорго Эне даңкы ордени тапшырылсын деп чечилген. Бириккен Улуттар Уюмунун калк фондусунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков соңку жылдарда медицина тармагынын жакшыруусу менен энелердин ден- соолугу да чыңалгандыгын айтты.
Кыргызстанда акыркы 4-5 жылда энелердин өлүмү азайгандыгы байкалды. Бул тууралуу Медер Өмүрзаков массалык маалымат каражаттарына маек куруп жатып билдирген. Анын айтымында, мындай көрсөткүчкө карабастан жалпы энелердин ден соолугу үчүн кам көрүүгө жапырт киришүү абзел.

 

«Мындан 4-5 жыл мурда энелердин өлүмүнүн саны көп болчу. Бүгүнкү күндө, бактыга жараша, мындай учурлар азыраак катталып калды. Бул нерсеге медицина тармагынын жакшырышы да түздөн-түз тиешелүү. Бирок, ошентсе да, кошуна мамлекеттерге караганда Кыргызстанда эне өлүмү көбүрөөк. Себеби, аялдар кош бойлуу кезинде убагында каттоого турбайт жана медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болбойт», — деди ал.

Суусамыр айылдык жергиликтуу кеңештин депутаты Урмат Алыпсатаров, кыргыз элинде энелер илгертен бери бааланып келе жаткандыгын, энесин баалабаган адамдарды кыргыздар маңкурт деп аташкандыгын дагы бир ирет тастыктады.

“Энелер күнү Кыргызстанда атайын даталуу күн болуп белгиленген. Кыргыз эли илгертеден бери энелерди эч нерсеге теңебей баалап келишет. Мусулманчылыкта да бейиш- эненин таманында деп айтылат. Бала үчүн бүткүл адамзат үчүн эненин зор баалангыс жана чексиз. Энелерди колдон келсе бир күн эмес түбөлүк майрамдатыш керек”.

Суусамыр айылынын тургундары энелер күнүн белгилөө эң туура кабыл алынган чечим, мурда 8-март аялдар майрамы, энелер майрамы деп айтылып жүрчү азыр энелер күнү деп өзүнчө белгилеп келе жатабыз бул энелерибизди урматтоонун дагы бир себеби дешет.

“Энелерибизди мурда 8-март аялдардын эл аралык күнүндө аялдардын энелердин майрамы деп билчүбүз, эми май айынын үчүнчү жумасы энелер күнү деп эң туура чечим болду. Энелер ат көтөргүс түйшүктөрдүн баарын көтөрөт. Энелер бар-биз барбыз! Аларды бир күн эле эмес ар дайым, ар күн сайын сыйлоого милдеттүүбүз.

Ал эми гендердик эксперт Бакен Досалиева энелер күнүн белгилөө Кыргызстандагы аял затынын укугун дагы бир тепкичке жогорулатат деп эсептейт. Анын айтымында энелер, аялдар, кыздар күнү өз-өзунчо белгилениш керек, жөн гана майрам күн экен дебестен дайыма аялзатын сыйлоо керек дейт.

“Бизде мындай 8-март майрамын аялдар күнү деп майрамдашат, кээ бирлери энелердин майрамы деп эне болгондугу үчүн куттукташат, кээ бирлери жөн гана жаз майрамы деп коюшат. Чындыгында, 8-март бул аялдардын экономикалык жана саясий укугун коргоп чыгышкан күн. Энелер майрамы өзүнчө бар, бул энелердин балдарды тарбиялоодогу милдетин эмгегин баалоо күн. Дагы бизде кыздар күнү бар, ал кыздардын укугун коргоо үчүн даталуу күн.

Өлкөнүн келечек өнүгүүсү аял затынын жогорку статусун таанып билүүсүз,жана анын реалдуу абалын жакшыртуусуз мүмкүн эмес. Тилекке каршы, акыркы жылдары Кыргызстандагы абал эненин коопсуздугун, бейпилдигин, үй-бүлөдө колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк бербей келди. Бул көйгөйлөргө көңүл буруу биринчилерден болуусу зарыл. Эң биринчиси, аялзатына болгон зомбулукту жок кылуу өлкөнүн өнүгүүсүнүн маанилүү ресурсу катары аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу.

Даярдаган: Калдыков Анарбек