Балдар бакча менен коштошушту

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районундагы №34 Чолпон балдар бакчасында жогорку тайпанын даярдоо классы бала бакча менен коштошушту.

Жогорку тайпанын тарбиялануучулары атайын даярдалган концерттик программаны ата-энелерге көрсөтүштү.

«Бүгүн балдарыбыздын бала бакча менен коштошуу, мектепке узатуу аземинде турабыз. Балдарыбыздын ырдап, бийлегенин көрүп, аябай кубандык. Биз ата-энелер балдар бакчанын тарбиячыларына терең урматтоо менен ыраазычылыгыбызды билдиребиз,»-деди ата-энелер комитетинин төрайымы Гулмира Дооронкулова.

Эми бөбөктөр бала бакча менен коштошуп, мектепке даярдыктарын көрүшөт.

Даярдаган: Камбарали кызы Гулназ