Суусамыр айылында маданият үйүнүн курулуш иштери башталды

22- майда Суусамыр айылында маданият үйүнүн курулушу расмий түрдө башталды. Буга чейин айылдык маданият үйү мектептин концерттик залында болуп келген. Ар түрдүү маданий иш- чараларды өткөрүүдө имараттын тардыгына жана жетиштүү шарттар болбогондугуна байланыштуу айыл тургундары үчүн кыйынчылыктар болгон.

Расмий ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш, архитектура жана турай жай агенттигинин директору Бактыбек Абдиев келишкен. Анда тышкары Суусамыр айылдык кеңешинин депутаттары, айыл аксакалдары жана айыл тургундары катышты.

Курулуштун башталышы тууралуу Тынчтыкбек Конушбаев буларга токтолду: «Мен Жогорку Кеңешке депутат келгенден бери, элге сөз бергем, 5 айылыбызда бир дагы маданият үйүбүз жок, ошону курабыз деп. Мамлекеттик бюджеттен бөлдүртөм, такыр болбосо өз каражатыма куруп берем дедим эле, бирок кудайга шүгүр, өкмөттө туура көз карашта болушуп, бюджеттен каражат бөлүнүп, мына бүгүн расмий капсуласы салынып жатат. Буюрса, бул эң жакшы маданият үйү болот деп ишенем.»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш, архитектура жана турай жай агенттигинин директору Бактыбек Абдиев стратегиянын негизинде салынып баштагандыгын айтты:

«Бул маданият үйү 200 орундуу болот. Курулуш стратегиянын негизинде айылдарды өнүктүрүү программасы бар, госстрой жана өкмөт тараптан социалдык объекттерди курулушу боюнча иш алып барабыз. Мектеп, бала бакчаларды салып жатабыз. Эми маданият үйлөрүн салып баштадык, 19 миллион сомго курулуш компаниясы утуп алган. Быйыл баштап жатабыз, буюрса 2020- жылы сентябрга чейин бүтүргөнгө аракет кылабыз.»

Суусамыр айылдык маданият үйүнүн башчысы Талант Асаналиев, мурдагы эски маданият үйдүн тардыгынан көп концерттер жана оюн- зооктордун өткөрө албай келебиз дейт:

«Азыркы маданият үйү 150 орундук деп айтылат, бирок ал тар ичи. Мектеп менен талашып калабыз, тоскоолдуктар көп болот. Гримердук бөлмөсү да начар, жокко эсе. Эми жаңы салынса, 2 кабаттуу бардык шарттары менен болуп салынат. Айылды маданий жактан көтөрүүгө чоң шарттар түзүлөт.»

Даярдаган: Назима Акишбекова, Гүлзар Сарымсакова