Айылдык ФАП мектептин имаратында иштеп келген

Жайыл районунун Кара-Суу айылында жаңы курулган ФАП ишке берилүү алдында турат. Буга чейин айылдын ФАПы 90-жылдарынан бери мектептин имаратынын бир четинен орун алып келе жатат. Бул санитардык-гигиеналык абалга туура келбеген көрүнүш.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана айыл тургундарынын АРИСтин долбоорлоруна активдүү катышуусу менен айылда ФАПтын жаңы имараты тургузулуп, жакында ишке берилгени турат.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада