Жарманкеде айыл тургундары буюм- тайымдарды насыяга алышты

Ысык- Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагынын эки айылында үй эмеректеринин жана уюлдук телефондордун жарманкеси болуп өттү. Аталган жарманке банк аркылуу элге насыя ирээтинде берилди.

Жарманке 18-май күнү Тасма айылында, 19-май күнү Токтоян айылында болуп өттү.

Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гүлмира Ногоеванын айтуусунда айыл тургундары өз мүмкүнчүлүгүнө жараша алып жатышат деп билдирет:
«Кечээ Тасма айылында, бүгүн Токтоян айылында жарманке өттү. Дос-Кредобанк келип, ар кандай элге муктаж болгон эмеректерди, тиричилик техникаларды алып келип элдерге кредит катары берилип атат. Бардык элдер алып атат. Адамдардын талаптары көп эле болгон үчүн алып атышат го деп ойлойм. Ар бир адамдын өзүнүн жеке мүмкүнчүлүгүнө карата алат болуш керек,»- деп билдирди Гүлмира Ногоева.


Токтоян айылынын тургуну Асел Мукамбетованын билдирүүсүндө: «Насыя жарманкеси болуп атат. Элдерге менин оюмча жардамы жакшы эле болуш керек, биз шаарга Түп районуна барганга ар кандай мүмкүнчүлүгүбүз жетишпейт. Бул жакта келгенде бардыгы ичинде болуп адамдарга арзаныраак түшүп атат. Мен өзүм телефон алып атам. Менин оюмча жарманке ортодон жогору десем болот. Бизде көп түтүн бар. Он миңдик телефондукун он эки айга төлөйт экенбиз тогуз жүз сомдон,»- деп айтып өттү айыл тургуну.

Сатуучу Талант Бейшебаевдин айтуусунда: «Биз ушу банк аркылуу элдерге, айылдарга келип ярмарка өткөзүп жатабыз. Биз өзүбүздүн товарларыбызды сунуштап бир жылдык мөөнөткө товарларды беребиз. Бул экинчи айыл. Тасма айылына барганбыз аяктын элдери жакшы экен, жакшы соода болду. Бүгүнкү күндө Токтоян айылында ишибизди жүргүзүп атабыз. Бул жактын эли да мындай меймандос, жакшы адамдар экен. Жакшы соода болуп атат. Тасма айылында соода салыштырмалуу жакшы болду 28 уюлдук телефон сатылды буюрса жакшы. Бардыгы буюмдарга эле кызыгып атышат. Үй тиричилик буюмдарынан менин байкашым боюнча кир жуугуч машинага, муздаткыч анан чаң соргуч, үйдө тиричиликке айымдарга керектүү буюмдардын баары эле жакшы өтөт экен»,- деп билдирди Талант Бейшенбаев.


Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова