Сүлүктү шаары боюнча бүтүрүүчүлөргө тестирлөө башталды

100

2019- окуу жылында 11-классты бүтүрүп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн катарында жалпы Сүлүктү шаарынын окуучулары да жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп жатат.

Тестирлөө Исфана шаарындагы «Исфана» орто мектебинде кыргыз тилдүүлөр үчүн, «Гагарин» мектебинде орус класстарга уюшулган болсо өзбек класста окуган окуучулар «Навои» орто мектептеринде тапшырууда. Каттоо эртең менен саат 7-30 башталып, саат 8-30 тестирлөөнүн негизги бөлүгү башталды. «Тестирлөөгө Сүлүктү шаарынан катталган окуучулар толугу менен келди, бир гана Рустамов атындагы №5-орто мектебинин окуучусу кире албай калды. Ал окуучу техникалык себептерден улам 21-май күнү Баткен шаарында тапшырат»,- деп маалымат берди Сүлүктү шаардык билим берүү профсоюз уюмунун төрагасы Канат Кудаяров.

Даярдаган: Акмарал Нурбай кызы