Кѳп аял алуу азыркы күндүн кѳйгѳйү

Кыргызстанда көп аял алууга карата Кылмыш кодексинде эки жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган. Бирок ал жазага азырынча эч ким кабыла элек. Эске салсак, Кыргызстанда буга чейин деле көп аял алуууну мыйзамдаштыруу аракеттери болгон. Бул турасында Барскоон айылдык Кеӊешинин депутаты Жээнбек Кененбаев менен кыскача маек курдук:

«Эми кѳп аял алууга менин кѳз карашым терс. Бир аялды балдары менен жакшы бага албай жатып экинчи аял алган туура эмес. Ошондой эле кыйын болуп эки аялга теӊ, теӊ укук бере алам теӊ бага алам деген болсо, биринчи аялдын уруксаты менен ошондо экинчи аял алууга болот деген ойдомун. Туура эмес болуп биринчи аялын жакшы кѳрүп же экинчи аялын жакшы кѳрүп анан биринчи аялдар менен ажырашкандар кѳп эле угуп жатабыз биз деле. Андайлар кѳп эле болуп жатат».

Начар жашаган жигитке турмушка чыкканча, картаң да болсо байыраак бирөөнө аял болгонум жакшы деген кыздардын саны арбып барат. Телефондор, кымбат деп эсептелген машиналар, кабат-кабат үйлөр сүйүүдөн да биринчи туруп, заманбап жашоонун жомогуна айланып калган. Азыркы заманда кыз-келиндердин экинчи-үчүнчу аял болуп баруусуна каршы экендигин Барскоон айылынын тургуну Арсар Бектурова мындайча айтып ѳттү:

«Эми азыр бул маселе чынында эле канча жылдан бери актуалдуу болуп келе жатат. Эми бага алса эки үй-бүлѳ багам, эки аялда багам экѳѳнү уруштурбайм, экөөнү эже-сиӊди кылып катыштырам десе мен каршы эмесмин. Анан азыркы заманда бир аялды араӊ багып, балдарын араӊ багып жүрүп анан кайдагы. Мисалы ,үчүн кээ бир кыздар бар жеӊил ойлуу, байлыгына, акчасына карагандар бар. А кээ бирѳѳ чынында эле жок мен ушуну менен түбѳлүк жашап кетем дегендер. Негизи жанакы экинчи, үчүнчү болуп тийгенге мен каршы элемин. Себеби байлыкка, акчага карап кереги не».

Кыргызстандын мыйзамына ылайык бир мезгилде бир нече никеге турууга тыюу салынат. Бирок, учурда кыргыз коомунда кимдин канча аялы бар экени ачык-айкын айтылып жатканына карабастан, сот жообуна тартылгандар жокко эсе. Ошол себептен жарандарыбыз кимге тийип, кимди алса да өздөрүн билип келет. Негизинен шарият боюнча тѳрт аял алууга уруксат экендиги турасында айыл тургуну Болот Байзаков ѳз оюн тѳмѳндѳгүдѳй билдирди:

«Кѳп аял алуу боюнча кѳз караш жакшы эле ал негизи шариятта бар да. Ал аял алуу шарияттын мыйзамына ылайык келсе анан алганга болот да. А мындай жѳн эле алганга болбойт. Ар бир аялга сурак беребиз да эркек. Мисалы үчүн бир аялга үйлѳнсѳ, ошол аял үчүн эркек жооп берет кыяматта. Экинчи аялга үйлѳнсѳ эки аял үчүн жооп берет, үч аялга үйлѳнсѳ үч аял үчүн жооп берет. Биринчи аялы уруксат берип динден түшүнүгү болсо, ошол күйѳѳсүнүн алганга экѳѳнү теӊ бакканга, экѳѳнү теӊ нааразы  кылбаганга мүмкүнчүлүгү жетсе анда үйлѳнсѳ болот деп ойлойм».

Укук коргоочунун айтымында, азыркы аялдар өз укугун коргогонду билишпейт. Көп аял алуудан ким жабыркап жатканы дагы деле белгисиз. Ислам дининде үч талак берүүгө эркектердин гана укугу бар. Шариятта бир же эки талак берген учурда күйөөсү менен аялы коломтосун кийин бирге тутантып кете алат. Ал эми үч талак деген сөз ооздон чыккандан кийин алар толук ажырашкан болуп эсептелет.

Мындай учурга күбѳ болгон Барскоон аялдар комитетинин мүчѳсү Созул Айбашева үч талак алган аял талаада калат деген пикирин биз менен мындайча бѳлүшѳ кетти:

«Азыркы учурда кѳп аял алуу маселеси курч болуп турган учуру. Мусулманчылыкта бир талак, эки талак, үч талак бүтү ал аялыӊ талаада калды дей бер. Ошентип талак бердим деп коет да кайра башкага үйлѳнѳт. Менин практикамда болуп ѳткѳн эле бир эле жигит биринчи аялынан бир баласы бар, экинчи аялынан эки баласы, үчүнчү аялынан бир баласын ээрчитип, үч баласы менен ээрчите келген баласы менен тѳрт баласын кетиртип туруп, он сегиз жашка чыга элек кызды ѳзүнѳн жыйырма жаш кичүү кызды алып алышты. Күндѳрдүн бир күнүндѳ дагы ага талак берип тѳркүнүнѳ алып келип таштабайт деп мен кепил боло албайм».

Кыргыз кыздарынын баары жеңил ойлуу дегенден алыспыз. Акчага азгырылып, күнүмдүк жыргалчылыкка алданып, өзүнөн кыйла улуу адамдар менен жүрүп жаткан кыздарыбыздын жоругун жаштык менен түшүндүрсө болот. Бирок бардык нерсенин убагы бүтөт дегендей, жаштык, сулуулук кеткенден кийин, аркасында кайгы, өкүнүч каларын унутпасак.

Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева, Эрлан Абласов