Кыз ала качуу, азыркы абал

Кызды ой-боюна койбой ала качуу жөрөлгөсүн 21-кылымда кандай көрүнүш деп баалоо керек? Сиздин бойго жеткен кызыңызды ала качышса, мыйзамга таянып милицияга же прокуратурага кайрыласызбы, же салт ушул экен деп токтоп каласызбы?

Кыз ала качуу Кыргызстан үчүн чоң маселе, иликтөөлөргө караганда айрым аймактарда үй-бүлөлөрдүн 80% ушундай жол менен куралган.  Албетте алардын арасында бактысын таап кеткендер жок эмес.

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматкери Динара Сарногоева, ала-качуу фактылары тууралуу маалымдады:

«Биздин облус боюнча, 4 айдын ичинде 5 факты катталды. Төртөөсү кыскарган, бирөөсү тергөөдө, текшерүүсү бүтө элек. Статистика боюнча, азайууда. Кыргыздын каада-салтына ылайк, көбү ала-качуу менен үйлөнүп үйрөнүшүп калган да. Кылмыш экенин билип, аң сезими өзгөрүп, ала-качуудан баш тартышууда».

Укук коргоочулар ала качууга дуушар болуп, бирок милицияга кайрылбаган кыздардын саны расмий сандардан көп экенин белгилешет. Римма Султанова, гендердик эксперт, ал ала-качуу тууралуу оюн билдирди:

«Мыйзам иштебейт деп, көп жарандар ишенбей калды. Ошол ишенбеген үчүн арызды дагы жазбай калышты. Дагы деле улуу кишилер ушул маселеге көңүл бурса, өзүнчө контролдосо, ала-качууну токтотсо болот».

Ала качууга байланыштуу кылмыш иштери көп учурда ачылбай да калат. Көптөрү кайрылгандан кийин өз ара элдешип, арыздарын алып кетишет. 2018- жылдан тарта дин кызматкерлери дагы ала качуу фактыларын билип жашырып койсо, жоопко тартылышат, Имамдар үчүн атайын жоболор иштелип чыккан.

Нуржан Намазалиев, Талас облусунун дин казиятынын, өкүлү:

«Муфтият тарабынан, казиятка буйрук келген. 18ге чыга элек кыздарга да, балдарга да нике кыйбоо боюнча. Буйрук Талас облусунун Казияты тарабынан бардык имамдарга жеткирилген. Казият тарабынан дагы, көрсөтмөлөр болгон. Жаштардын паспортун карап, чын эле жашы жеткенби. Ар бири журнал ачкан, ошол жакка каттап турушат».

Учурда жер жерлерде ала качууга каршы күрөштүн ар кандай жолдорун колдонуп жатышат. Мисалы, Талас облусунун жаштары тарабынан ушул темага тийиштүү окуу жайларда форум-театрлар өткөрүлөт.

Ал эми 17ге чыга элек өспүрүмдү ала качып алгандарды беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратып, мындан тышкары, 100-200 миң сом айып төлөтүү каралып жатат. Ошондой эле аялды уурдап барып, эркине каршы некеге тургузуу боюнча беш жылдан жети жылга чейин соттоо жазасы күчүндө калтырылат.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова