Сүлүктүдөгү тарых музейинде жаңы бөлүмдөр түзүлдү

189

Сүлүктү шаардык тарых музейинде жаңы бөлүмдөр түзүлгөндүгү жөнүндө алгач Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 6-классынын окуучулары корүп келишти.

«Классташтарым менен эс алуу учурунда Сүлүктү шаардык музейине барып келдик. Бизди класс жетекчибиз Бакыт Агай уюштуруп алып барды. Чынын айтсам алгач музей жөнүндө башкача түшүнүктөр болгон экем. Эми таптакыр оюм өзгөрүп, Сүлүктү шаарыма болгон сезимим мындан да жогорулады»- дейт Мадина Саматова.  «Мен үчүн эстен кеткис экспонант- папоротник сыяктуу өсүмдүктүн жарымы көмүргө айланып калган табылгасы болду»- дейт Сайкал Матазимова. «Мен үчүн музейди бир күн көрүп чыккан жетишсиз болду. Жайкы каникулда дагы көп жолу келемин»- дейт Самудин Эркинов. «Алгач музейге келгенимде үч эле бөлүм бар эле. Акырындап экспонанттарды чогултуп отуруп мына учурда тогуз бөлүм болду»- дейт көп жылдан бери Музейдин жетектеп келе жаткан Абдипатта Ниязов. Сүлүктү шаардык музейинин экспонанттары жөнүндө кийинки макалабызда толук маалымат беребиз.

Кабарчы:   Канайым Абдигапарова