Нарында эхинококкоз жана альвеококкоз оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүүдө

Нарын облусунун тургундары мал-жандык менен тиричилик кылгандыктан, аймакта жапайы жана үй жаныбарларынан адамга өткөн оорулар да көп кездешет. Алардын бири жыл сайын өсүп жаткан эхинококкоз жана альвеококкоз оорусу.

Ат-Башынын Ак-Моюн айылынын тургуну Аскарбек Мокеевдин жубайы жана уулу альвеококкоз дартына чалдыккандардын катарын толукташат. Оорунун белгилери алгач уулунда байкалган. Ажатканага бат-баттан каттап калгандыктан, бөйрөгүнө суук тийгизип алган окшойт деген шек менен аны ооруканага алып барышкан. Ультрадобуш изилдөөсү анын боору чоңоюп кеткенин көрсөтүп, дарыгерлер альвеококкоз деген диагноз коюшат.

«Уулумдун боорунун 60 пайызын алып салышты. Операциядан кийин майып болуп калды. Ал дайым дарыгердин көзөмөлүндө», — дейт Мокеев.

Уулунун дарты аныкталгандан кийин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы текшерүүдөн өтүшкөн. Ошондо Мокеевдин жубайы да альвеококкоз менен ооруганы билинген.

«Колуктумдун бооруна операция жасашып альвеококкоздун ак курттарын алышкан. Учурда дары-дармек менен жүрөт», — деп түшүндүрдү ал.

Мокеев өзү койчу болуп иштейт. Өзүнүн мал-жандыгынан сырткары элдикин да жайлоого алып чыгат.

Ишен Кыдыралиеванын кызына да эки жыл мурда альвеококкоз диагнозу коюлган. Көрсө, ал 10 жылдан бери ооруп жүргөн экен. Кыдыралиеванын кызы дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуп дарыланып тургандыктан анын боору 10 пайызга өскөн.

«Кызымдын ысытмасы көтөрүлүп түшпөй жатканда оорусун билдик. Анын боорунун 12 пайызы гана жарактуу, калганын курт каптап алган экен», — деп кейиди эне.

Иллюстративдик сүрөт

«Мите курттарды үй жаныбарлары менен жапайы жандыктар алып жүрүшөт»

Айылдын фельдшери Гүлмира Мустапаева альвеококкоз менен үч, эхинококкоз менен эки тургун каттоодо турганын билдирди. Дарыгер ооруну аныктоо үчүн жашоочулар ультрадобуш изилдөөсү менен флюрографиядан өтүшү керектигин айтат. Элеттеги ооруканаларда мындай кызматтар көрсөтүлбөгөндүктөн, тургундар райондук же облустук ооруканага кайрылууга аргасыз.

«Мурун оорунун алдын- алуу үчүн ар жылы мектеп жашындагы балдарды көчмө дарыгерлер тобу келип акысыз флюрографиядан өткөзүп кетишчү. Учурда мындай шарттар түзүлгөн эмес», — деген дарыгер калктын баары текшерүүдөн өтсө оорулуулардын саны көп болушу мүмкүн деп кошумчалады.

Ветеринар Тазабек Мамырбаев эхинококкоз жана альвеоккокоздун мите курттарын ит, мышык, чычкан, карышкыр, түлкү жана чөөлөр алып жүрөөрүн айтат. Ал эми курттар адам менен малдын ички органдарында өсүп-көбөйөт дейт. Айрыкча боор менен өпкөдө.

«Мите курттар ит, мышыктын ичегисинде өсүп жетилгенден кийин, алардын заңы аркылуу сыртка бөлүнүп чыгат. Анан ошол жерден сиркелеп же чаң аралаш же жер жемиштердин чаңы арасында адамга же малга өтөт», — деп түшүндүрдү ал.

Мамырбаев аталган оору цикл менен жүргөндүктөн, чынжырды үзүү оор болгонун билдирди. Анткени, малдын жабыркаган органдарын ит, мышык жейт. Алардын заңы аркылуу бөлүнүп чыккан курттун жумурткалары кайра малдын жана адамдын организмине түшөт — бул эхинококкоз оорусунда.

Эхинококкоз оорусунун чынжыры

Ал эми альвеококкоздо болсо, ушул эле сыяктуу бирок тасма курттарды алып жүрүүчүлөр жапайы жандыктар болот. Алар түлкү, чөө, карышкыр, келемиш болушу мүмкүн.

Ветеринардын айтымында, чынжырды үзүү үчүн ар бир үй жаныбары жана мал-жандыктар каттоого алынып, убагында медициналык кароодон жана дарылануудан өтүп турушу зарыл.

Альвеококкоз ооруусунун чынжыры

«Адамдар оору өрчүп кеткенден кийин кайрылышат»

Нарында эхинококкозду операция кылышат, бирок альвеококкозго чалдыккан бейтаптар операция жасатуу үчүн Бишкек шаарындагы ооруканаларга кайрылышат. Хирург Съездбек Айтбаев альвеококкоз оорусуна чалдыккандар оорунун белгилери жок болгондуктан, көбүнчө өрчүшүп кеткенде дарыгерге кайрылышаарына токтолду.

«Бизге адамдар оору өрчүп кеткенден кийин кайрылып жатышпайбы. Өрчүшүп кеткен дегенибиз боордун 85 пайызына тасма курттар өсүп кетет, андан тышкары, кан тамырларга да өсүп кетиши мүмкүн. Оору эрте билинсе, операция жасалып, толук айыгып кеткенге мүмкүнчүлүк бар», — деди Айтбаев.

Альвеококкозго чалдыккандар дарыгерге кеч кайрылышса оорунун аягы өлүм менен аякташы да мүмкүн.

Хирург эхинококкоз оорусу альвеококкозго салыштырмалуу жеңил өтөөрүн кошумчалады. Операция жасалгандан кийин бейтап бир нече жолу дарылоо курсунан өтөт. Андан кийин кадимки жашоосуна кайта алат. Бирок эхинококкоз ыйлакчасы жарылып кеткен болсо, операция оор өтөт.

Нарын шаарынын тургуну Элнура Ишенбаева эхинококкоз дартына кабылып, операция жасатып чыкканына бир жылдан ашты. Бети-башын дүүлүкмө каптап дарыгерге барса ультрадобуш изилдөөдөн өтүп келүүгө жиберген экен. УДИ анын боорунда эхинококкоз бар экенин көрсөтүптүр.

«Түз эле хирургияга жиберишти. Үч күндөн кийин операция жасалды. Эхинококкоздун ыйлакчалары болот экен. Меники жарыла электе алынды, жарылса боорго жайылып кетмек. Боорумдун 20 пайызы жабыркаптыр. Андан бери жакшымын. Калыбыма келгенче 4–5 ай аябай кыйналдым», — деди Ишенбаева.

«Союз урагандан кийин жаныбарларга тийиштүү көзөмөл жүргүзүлбөй калды»

Паразитолог Элзада Асанкулова альвеококкоз менен эхинококкозду иттер таратып жатат деп ишендирет. Ал белгилегендей, адамдар өздүк гигиенаны сактабаганда ооруга чалдыгуу деңгээли жогору.

«Иттер чычканды жегенде анын заңынан альвеококкоздун жумурткасы чыгып жатат. Иттер жайлоодон келгенде да аларды байлабайбыз. Сууну, чөптү, жаткан жеринин баарын булгашат. Элдер сууну сырттан ташып ичишет. Сууну мал ичет, адам ичет. Ошентип анан оору пайда болот», — деп түшүндүрдү ал.

Асанкулова 2000-жылга чейин облус аймагында альвеококкоз катталган эмес дейт. Союз урагандан кийин үй жаныбарларына тийиштүү көзөмөл жүргүзүлбөй калып, оору көбөйгөнүн айтат.

«2000–жылдан кийин альвеококкоз жапайы жаныбар менен тыгыз байланышта болгон бир-эки аңчыда гана аныкталчу. Азыркы кезде 15 бейтаптын 73 пайызы эхинококкоз, 23 пайызы альвеококкоз оорусу менен катталып жатат», — дейт паразитолог.

Ал Нарын облусу боюнча эхинококкоз жана альвеококкоз оорусу биринчи Жумгалда, андан кийин Ат-Башыда жана Ак-Талаа райондорунда көбүрөөк кездешкенин белгиледи.

Айыл өкмөт башчысы Жеңишбек Кайыпов Ак-Моюн айылында оорулардын алдын алуу үчүн 2018-жылы 150 ит жана мышык атып өлтүрүлгөнүн айтат. Атылган ит, мышыктардын өлүгү коңшу айылдагы Беккари чуңкуруна төгүлөт. Ал жакта өлүктөрдү залалсыздандыруу иштери жүргүзүлөт.

Ал мындан тышкары, мектеп окуучуларына ветеринарлар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушаарын кошумчалады.

«Түшүндүрүү иштеринен кийин айыл тургундары ит, мышыкты бакпай калышты. Айылдык кеңештен акча каралып, Ат–Башы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жакын арада эки айылдын жашоочуларын флюрографиядан бекер өткөзө турган болду», — дейт Кайыпов.

Иллюстративдик сүрөт 

«Элеттиктер ветеринардын кызматтарын пайдаланышпайт»

Ат-Башы району боюнча Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун эксперти Тойгонбай Өмүров Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фонду гранттык негизде 25 млн доллар каражат бөлгөнүн билдирди. Аталган каражаттын кайсы бир бөлүгү эхинококкоз менен альвеококкозду алдын- алууга жумшаларын айтат.

Долбоордун алкагында райондун Ак-Муз айылында оорулуу мал-жандыктардын жана үй-жаныбарларынын органдарын зыянсыздандыруу үчүн Беккари чуңкурчасы жасалган. Ар жума күнү органдар 50 сомдон сатылып алынып чуңкурга төгүлөт.

Мындан сырткары, долбоор өлкө боюнча 102 ветеринарды даярдоого каражат бөлүп, студенттердин окуусун каржылап келет.

«Айылда калып иштеген ветеринарлардын жашы 55, 60ка чамалаган. Азыр баары менчик болгондуктан, элеттиктер ветеринардын кызматтарын пайдаланышпайт. Себеби союз учурунда малдарды мамлекет даарылап берген. Эл да ошого көнүп алган. Муну көргөн жаш муун бул кесипти тандабай жатат. Ошондуктан ветеринарларды даярдап берүүнү чечтик. Жаш адистер окууну бүткөндөн кийин айылдарга кетишет», — деп түшүндүрдү Өмүров.

Иллюстративдик сүрөт

«Оорулар боюнча эпидемиялык кырдаал жагымсыз»

Оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл департаментинин паразитологу Гүлнара Минбаеванын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө эхинококкоз жана альвеококкоз оорулары боюнча эпидемиялык кырдаал жагымсыз бойдон калууда.

Калк арасында эхинококкоз оорусу туруктуу өсүүдө. 2007-жылы эхинококкоз менен 700-800 оорулуу катталса, 2019-жылы 1000 кишиге чейин жеткен. Жалпы оорулуулардын 24,7 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө. Бул көрсөткүч дарыгерлердин тынчын алууда. Анткени, бул көрсөткүч оору аз убакыттын ичинде жукканын билдирет.

Паразитолог альвеококкоздун да өлкө боюнча бир канча эсе өсүүсү байкалганын белгиледи. 2007-жылы 50-60 бейтап катталса, 2019-жылы 140тан ашуун адам катталган.

Бирок, бул көрсөткүч операция болгон бейтаптардын тизмеси гана. Министрликтен каттоого алынбаган адамдарды эске алганда, оорулуулардын саны мындан эки-үч эсе жогору болушу мүмкүн экенин айтышат.

Альвеококкоздун курттарын алып жүргөн жапайы жандыктар менен ветеринарлар дагы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы иш алып барышпайт.

«Жаратылыш очогунда ооруга каршы күрөш жүргүзүү оорураак. Ал эми үй шартында иттерди дарылоодо жакшы эле көрсөткүчкө жете алабыз. Бирок азыркы учурда иттерди дарылоо кандай өтүп жатат так айта албайбыз. Калктын өзүнө эле кеңеш беребиз. Жоопкерчиликтүү болуп, ветеринарга кайрылып, мите курттарга каршы үй-жаныбарларын дарылатып турууну суранабыз», — деди Минбаева.

Аталган дарт Ош облусунун Алай районунда жана Нарын облусунун Кочкор, Ат-Башы, Жумгал райондорунда көп кездешүүдө. Анткени, калктын басымдуу бөлүгү жайлоого чыгып, тоолуу аймакта жашашат.

«2016-жылдан тарта Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан оорунун алдын алуу жана тастыктоо программасы иштеп жатат. Бул долбоор Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңеши боюнча ишке ашып, министрлик келерки жылдары дагы башка райондорго программаны киргизүүнү пландоодо», — деп түшүндүрдү паразитолог.

Даярдаган: Айзат Түмөнбаева

Мыкты макала сынак үчүн