Тогуз-Торо районунда жетекчилик кызматтарда аялдардын аз болушу

49

Кыргызстанда 454 айыл өкмөт болсо анын бири экиси эле айыл аймакты башкарган аял. Бизде сөзсүз, мурда акимдин орун басары, губернатордун орун басары айым болчу. Азыр бир нече облуста сакталып калды. Айрыкча, акимдин орун басары социалдык маселелер менен алектенчү. Жыл өткөн сайын азайып баратат. Айылдык кеңештерде да айымдар өтө аз болуп келүүдө.

Азыркы күндө Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматы боюнча Тогуз-Торо районунда 50 мекеме бар болсо, ошолордун ичинен 7 гана аял жетекчи болуп эмгектенет.

“Жеңиш Туусу” коомдук саясий газетасынын редактору Сапарбек Көчөрбаевден “негизи эле кызматта, аялдардын саны ушунчалык аз, эмне негизги себеп болууда” деп сураганыбызда төмөндөгүлөрдү айтты: “Аялдардын өзүнүн дагы активдүүлүгүнүн начардыгы, аялдар өздөрү активдүү болуш керек. Эгер аялдар активдүү болсо, кандай жумуш болбосун, өзүнүн лидерлик касиетин көрсөтсө эл өздөрү шайлап чыгат. Бизде мусулманчылыктын дагы да артка тарткан жери бар да. Аялдар бала багыш керек деген мунун ушунун да терс таасирин тийгизет.”

Аялдар көп түйшүктүү жумуштарды аркалап келишет. Аялдардын жоопкерчилиги өтө күчтүү, убакытты көп талап кылган мээнеттүү жерлерде, көбүнчө аял жетекчилер отурушат. Мекемеде иштеп жаткан аялдардын эмгеги эч качан бааланбайт. Аз эмгек маяна менен ошол иштеринин алга жылышына каниет кылып эле жумуштарды  аткарып келишет.

“Айымдардын чоң кызматтарга келип иштешине эмне бөгөт болууда” бул туурасында Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин директору Венера Эпеева менен кыскача маек курдук.

“Көбүнчө аялдардын жогорку деңгээлдеги кызматтарга көтөрүлүшүнө, коомдо, мамлекетке 2 орунга коюп жатышат. Анткени, аял киши бул нерсени аткара албайт деген сыяктуу бирок, салыштыра келгенде аялдардын иштеп аткан иши, мырзалардан так аткарып аткан ишине караганда, жоопкерчиликтүү, өтө күчтүү, ишке болгон жоопкерчилиги өтө күчтүү деп эсептейм”.

Гендердик эксперт Кыял Тилебалдиева мындай дейт: “Аялдардын бийликке  келүүсүнүн жана чоң саясатка аралашуусунун мүмкүнчүлүктөрү бул өзү эле көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолот. Айтып өтсөк, эң биринчиден мисалы аялдардын саясатка алектенүүсүн, кемчилик катары же болбосо аларды саясатынын жалаң гана социалдык багытталгандыгында деген көз караштар бар. Же болбосо саясаттагы жыныс маданий терс нормалардын болушу. Мисалы, эркектер үчүн кечиримдүү, аялдар үчүн кечиримсиз, ушуга окшогон калыптанган көз караштын айынан коомчулук саясатта аялдарды эмес, эркектерди колдошот”.

Айымдарды ушул бийликке келүүгө түрткү берип, коомчулук тарабынан колдоо керек. Эң негизгиси, айымдар өздөрү да активдүүлүгүн көрсөтүүсү зарыл.

Даярдаган: Анара Маметова

сынак үчүн