Элеттик айымдардын түйшүгү

71

Айыл жергесинде жашаган аялдардын түйшүгү түмөн таң азандан туруп уй саап мал карагандан баштап үй ичиндеги майда жумуштарга чейин алардын мойнунда. Бул себептен элеттик айымдардын окуп билим алууга  саясатка аралашууга  өзүн-өзү өнүктүрүүгө жада калса       эс алууга дагы мүмкүнчүлүктөрү болбойт.  Кээ бир айымдар турмуштун айынан көздөгөнүнө жете албай калса айрымдарын аялдар үйдө гана отуруш  керек” – деген түшүнүк  жипсиз байлап алган.Сагина Абдылдаева  Суусамыр айылынын дагы бир тургуну  эртең менен эрте туруп уйун саап келгенден соң неберелерине тамак берет үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары жумушка кеткенден соң үйдөгү ички тышкы жумуштар анын мойнунда.“ Аялдар негизинен түйшүкчүл болушат. Бул айылда аялдардын туйшүгү өтө оор. Үйдүн жумушун да, сырттын жумушун да жасашат. Бардык жакта тең оор жумуштарды аялзаты жасайт. Мен бир күндүк режимимди айтсам эртең менен эрте турам, уйду саап бадага кошом, анан үйгө келип неберелериме тамак берип, аларды мектепке жөнөтөсүң. Келиндер-балдар жумушка кетет. Анан үйдөгү тиричилик көп болот. Үйдү да, сыртты да жасайсың. Негизи эле аялдын жумушу оор, баарына чыдаган аялзаты.  Суусамыр айылынын айымдары үй-тиричилиги менен гана алектенбестен, тышкы кара жумуштарды да жасашат.  Кээ айымдардын  күйөөсү мал-чарбачылык менен гана алектенгендиктен алардын аялдары үй-тиричилигинен тышкары ар кандай жумуштарда иштеп акча таап, үй-бүлөсүн багып келишет. Суусамыр айылын жердеген Огош апа быйыл жетимиште карылык курака жетип калса дагы үйүндөгү бардык жумуштарды жасоого туура келет анткени бир топ жылдан бери жалгыз бой.“Менин түйшүгүм аябай эле оор. Ооруган балам бар, өзүм кечке чейин оокат кылам. Бизге жардам берген эч ким жок. Мен жетимишке чыгып калдым, ага карабай арык тазалап, огородду казам. Сууга да барып келем. Кичинекей жерим бар ошону иштетем. Мен башкалардай эмесмин, кара жумуштарды өзүм жасайм. Ал эми үй-тиричилигинде эч ким деле жардам бербейт. Баардык жумуштарды  ооруган баламды белиме байлап, өзүм кылам. Үйдө эркектин да, аялдын да ролун өзүм аткарам. Ал эми бир кызым болсо, эртен менен жумушка кетет дагы кечинде келет. Аны карап отура бербей, өзүбүз оокат кыла беребиз. Ооруп калсам жатып калам, кайра туруп оокаттарымды кыла берем. Анан башка ким кылат, эч ким бизге жардам бербейт.” Айыл жергесинде шаардагыдай эс алуучу жайлар сейилдөөчү бактар жок  Суусамыр айылдык кеңештин депутаты Зоодон Асаналиев айылыбызда аялдар үчүн эс алууга шарттар жок болгондуктан  айымдар бош убактыларын кошуналары  жакын санаалаштары менен, чай ичишип, наркы-беркини сүйлөшүп гана эс алышат башка мүмкүнчүлүктөрү жок деп эсептейт.“Айылдык аялдардын түйшүгу бир топ эле болуш керек. Үйдө баарын кыла турган аял киши. Мисалы: үй-бүлөдө тамак жасаган, очоктун барын даярдаган, кирин жууган аялдар болуп эсептелинет. Үй-бүлөдө аялсыз кыйын болуп калат. Мен аялыма суу алып келип берем, анан уй сааганда музоолорун тартып жардам берем. Жеке менин жардамым ушул. Бизде  маданият үйү, эс алуу үчүн парктар жок, мен ойлойм ошол айылдык айымдар  кошуналары менен, жакын санаалаштары менен майрам кундөру же туулган күн болобу бири-бирине барып, чай ичишип, отуруп, наркы-беркини сүйлөшүп, эс алышат деп ойлойм. Биздин айылда эс алуучу жайлар азырынча жок.”

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, эмгек менен алек болгон калктын арасында аялдардын үлүшүнүн эң көбү кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, негизинен, кыймылсыз мүлккө аракеттерде 93%, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык тейлөөдө 84 %, билим берүүдө 79 %, мейманкана жана ресторандарда 59 %, кайра иштетүү өнөр-жайында 45% ашуун айымдар эмгектенишет.

 

 

 

 

 

 Даярдаган: Назима Акишбекова, Гүлзар Сарымсакова, Анарбек Калдыков.

Сынак үчүн.