Базар-Коргондо билим берүү кызматкерлери жат жазуу жазышты

Базар-Коргон районундагы билим берүү мекемелеринде «Сабаттуу бол!» акциясы болуп өттү.


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата атайын 2019-жылдын 15-майында саат 11де Респубулика боюнча «Сабаттуу бол!» акциясы өткөрүлдү.

Бул акцияга билим берүү бөлүмү да аябай активдүү катышты. Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов баш болгон билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим берүү мекемелери жана бала бакчалары жат жазуу жазышты.

Базар-Коргон районунун окуу усулдук кабинетинин башчысы Маматова Жаркын төмөндөгүлөргө токтолду:

«Бул «Сабаттуу бол!»акциясы Республикалык деңгээлде 2019-жылдын 15-майында Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим берүү мекемелери жана бала бакчаларыдын кызматкерлери жалпы катышышты. «Сабатттуу бол!»акциясы мамлекеттик тилди көтөрүүгө салым кошо турган чоң иш чаралардын бири болуп эсептелинет жана мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө жардамын бере алат деп ойлоймун.»

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ