Таштандыларга экинчи өмүр берүү боюнча окутуулар өтүлдү

LEAD ALLIANCE 2019 программасынын Кыргызстандагы командасы, Монголиядан келген Халиун Дешделег менен Эрденбаяр Наран, ушул долбоордун Кыргызстандагы жетекчиси Сапарбаева Асел, жана дагы 18 мектептин окуучулары жана аларды жактаган мугалимдери менен тренинг өтүлдү.

Аталган тренингде айлана-чөйрөдөгү таштандылардан (желим бөтөлкө, целофан пакеттер, пластиктер ж.б.) үйгө керектүү буюмдарды жасоо жана керектен чыккан буюмдарга экинчи өмүр берүү боюнча мастер класстар көрсөтүлүп, талкуулар жүргүзүлдү. Андан сырткары, ар бир окуучу өз колу менен жасаган буюмдарды коргөзмөгө коюп, ал буюмдар эмнеге керек экендигин жактап беришти. Монголиянын элдери табиятка аяр мамиле кылуу керектигин жана азыркы учурда дүйнөлүк көйгөйгө айланып бара жаткан таштандыларды жок кылуунун негизинде сабактарды өтүштү. Тренингдин соңунда катышуучуларга атайын сертификаттар жана белектер тапшырылды. Сынактын женүүчүлөрү аныкталды. Алар Жерге-Тал айылынын Итикул Молдобаев, Тоголок-Молдо айылынын Сатылганов, Коңорчок айылынын Жыргалбекова атындагы орто мектептеринин окуучулары болду. Бул жеңүүчү аталган мектептерге таштанды үкөктөрү тапшырылат.

Маалым болгондой, АКШ өлкөсүнүн “ЮСАИД” уюму каржылаган программа боюнча быйыл “LEAD ALLIANCE” аттуу сынак жарыяланган. Сынактын негизинде Кыргызстандан 5 өкүл Монголияга барып 3 күн окуп келишкен. Барган 5 өкүл 5 долбоор сунуштап, жыйынтыгында Ак-Талаанын Тоголок-Молдо айылынан барган Асел Сапарбаеванын “Айлана чөйрөнү коргоо” долбоору жактырылып, 4 миң доллар утуп алган. Анын негизинде  Ак-Талаа районунда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча окуу иштери колго алынууда.

“Долбоор 3 этаптан турат. Биринчи этабы – Ак-Талаадагы жалпы 18 орто мектептер арасында таштанды калдыктарынан турмуш тиричилигине керектүү буюмдарды жасоо. Экинчи этабы – жергиликтүү тренерлерди даярдоо. Мында 18 айылдан 3 өкүл келип катышат. Өкүлдөрдүн бирөөсү мектеп мугалими, бири окуучу, дагы бири айыл өкмөттүн кызматкери болушу шарт.  Ошондо 54 тренер пайда болот. Үчүнчү этабы болсо, ошол жергиликтүү тренерлер өз айылындагы жергиликтүү жашоочуларга алган билимин жайылтуулары керек,” —  деди долбоордун лидери Сапарбаева.

Даярдаган: Муктарова Аймырза