Ак-Талаа районунда музыкалык мектептер аралык сынак өткөрүлдү

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектеби “Жаш музыкант -2019” облустук кароо-сынак өткөрүштү. Аталган сынакка Нарын шаары, Тогуз-Торо, Ат-Башы, Ак-Талаа районунун музыкалык мектептеринин окуучулары 6 бөлүм: үйлөмө аспап, фортепиано, комуз, баян, аккордеон жана вокал боюнча өткөрүлдү.

Сынакка Чаткал жана Аксы райондорунун музыкалык мектебинин директорлору комиссия катары келип катышышты. Кароо-сынактын жыйынтыгы:

Комуз чертүү боюнча

1-орун Саадатбек уулуАзамат жана Кымбат Маашырбеков,

2-орун Седеп Мелисова жана Санжар Рысбеков,

3-орун Ильгиз Айбеков жана Эльзар Токонов

Фортепиано боюнча:

1-орун Бектемир Таалайбеков жана Чолпон Мырзабекова,

2-орун Малика Эралиева, Канат Айтбаев жана Айчолпон Артелова,

3-орун Айжамал Медетбекова жана Зарина Кайырбекова

Вокал боюнча:

1-орун Шаридана Аманбекова жана Марат Бакишов,

2-орун Мончок Саматова жана Адыл Асанбеков,

3-орун Жаныбек уулу Сагынбек жана Айгерим Асыгалиева

Үйлөмө аспап боюнча:

1-орун Бабан Саматов жана Самат Божонов,

2-орун Сыймык Кулмурзаев жана Эркинбек уулу Ислам,

3-орун Таалайбек кызы Кундуз

Аккордеон боюнча:

1-орун Нурдөөлөт Жумабаевжана Нурзамат Муктаров,

2-орун Аскат Жолдошбеков,

3-орун Бектур Жусупбеков, Шайлообек уулу Аманат жана Бейшенбек уулу Бакай

Баян тартуу боюнча:

1-орун Адылбек уулу Сүйүнбай жана Медер таштанбеков,

2-орун Мирбек уулу Адилет жана Калыбек уулу Тынар,

3-орун Тилеген Жумадилов жана Сабырбек кызы Жаркынай камсыздашты.

Конкурс аяктагандан кийин гала концерт өткөрүлүп, орун алган катышуучуларга грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин директору Артыкбаева Венера: “Сынак улуттук маданиятыбыздын сүйүүгө, жаш муундарды кыргыз музыкасына, дүйнөлүк классикалык музыкага болгон кызыгуусун арттырууга багытталган. Ошондой эле облустагы маданий массалык иш- чараларды жандандыруу, аткаруучулук өнөрдү өркүндөтүү, райондон чыккан залкар инсандардын чыгармачылыгын кийинки муундарга калтыруу, жаш өнөрпоздорду чыныгы музыкага тарбиялоо. Окуучулардын билим сапатын жакшыртуу, мектептер аралык музыкалык билим берүү ыкмасын жандандыруу максатында өткөрүлдү,”- деп билдирди. Бардык катышкан музыкалык мектептерге ыраазычылык каттар тапшырылып, сынактын аягында келген коноктор сый тамакта болуп кайтышты. Айта кетсек, бул конкурсту кийинки жылы Нарын шаарындагы Шералиев атындагы балдар музыкалык исскуство мектеби өткөрмөкчү.

Даярдаган: Муктарова Аймырза