Бир айдын ичинде бериле турган фитир садаканын баасы: 35 сомдон 45 сомго чейин

Муфтият, фатфа, ар бир жергиликтүү базарлардан алынып келип туруп бүгункү күндө 1,600 гр буудайдын баасы: 35 сом жана 3,200гр арпанын баасы: 48 сомдон болуп эсептелет. Ким кааласа ошол баада төлөйт

Рамазан айындагы орозодон башка кандай соопту амалдар бар жана садаканын түрлөрү, рамазан айында гана айтылып келинген жарамазан жөнүндө  Куланак айылынын мечитинин имами Кенжебек Жумакеримов кененирээк баяндап берди.

Алгач айыл имамы кыргыз элин рамазан айы менен куттуктап, кармап жаткан орозолорунун кабыл боолусун тилек кылып сөзүн баштады.

Рамазан айында соопту амалдар көп. Кимде ким рамазан айында соопко жетишем деген инсандын сообу өтө чоң, эбегейсиз. “Кимде ким орозо кармаган болсо ошол орозонун сообун мен гана берем деп”, Аллах Субхана  айтат. Орозонун 30 күндүгүнө чейинки, мисалы: орозонун сообунан башка, соопторду периштелерге өкүм кылып, баланча соопту М: үйдөн чыгып,мечитке келе турган болсо бир кадамына, бир кадам сооп жасылат деген. Ушундай сооптор ачык айтыла турган болсо, рамазан айындагы кармалган орозонун сообун эчким, периштелер дагы, эч бир пайгамбарлардагы билбейт. Бир гана Алла субханакка эле билет. Орозонун сообу өтө эбегейсиз иш болуп эсептелет —  дейт.

Ал эми орозо маалында гана  чогултулган Фитир садака боюнча төмөндөгүлөргө токтолду

Рамазанда бериле турган “фитир садака”деген бар. Фитир садаканы Рамазан айында гана бериле турган садака болуп эсептелинет. Фитир дегенибиз бул милдеттүү түрдө берилиш керек болуп саналат. Кимде ким фитир садаканы берген болсо хадисте келет, кармаган орозосу эч тоскоолсуз алланын алдына барат деп. Эгерде фитир садаканы бербеген болсо, анда амалдарыбыздын баардыгы бүт артка кайтарылып, асман менен жердин ортосунда  туруп калат деп,  — пайгамбарыбыз Саллолахиде  келет  экен. Эми фитир садака эненин ичинде жаткан баладан, бул дүйнөдөн өтүп кеткенге чейинки жашыбыздын баарына бериле турган болуп эсептелинет. Тирүү жанга берилет. Бул дүйнөдөн өтүп кеткендерге берилбейт.

Быйылкы чогултулуп жаткан фитир садаканын 2 баада болушуна мындай түшүндүрмө берди.

35 сом неге 48 сом деген түшүнүктөр болчу болсо, 35 сом 48 сом дегенибиз эми муну ким алына жараша деп билет. Ким кааласа, соопту көбүрөөк үмүт кылган болсо, чарбасы жакшы болсо көбүрөөк берип келет. Бул жерде сен көбүрөөк бер деп эч ким мажбурлабайт.

Чогултуу эрежелери жана чогулган акча каражаты кандай жана кай тарапка жумшалат деп кызыкканыбызда мындайча жооп берди

Бүгүнкү күндө жергиликтүү мечиттерде чогултулганы жакшы деп жатышат. Бирок ал жерде деле мечитке бериш керек деген жери жок. Ар кимдин өз эрки. Кимге кааласа өз эрки менен беришет. Бул жерде муктаж адамдарга бериле турган фитир садака . Ошолордун акысы болуп эсептелет.  Байлардын  акысы жок. Мечитке чогулган  фитир садаганын 50%  муфтиятка кетет. 50% жергиликтүү мечитте калат. Калган акчаны  муктаж болгон үйбүлөлөрдү тактап, эсебин алып туруп, ошончого бөлөбүз. Бирок акчалай берилбейт, албетте бизде  тамак аш түрүндө таркатылат.М: ун, май, чай. Фитир садакыны мечитке жумшаганга шариятта жол бербейт. Шаарга кеткен акчанын 30 % казыятка, 20% муфтиятка бөлүнүп олтуруп, медреседе, ислам университетинде  окуган кыздар, балдарга таркатылып,жумшалат.

Фитир садака Рамазан гана айында берилип келсе, башка учурларда садака кылса кандай болот

Садака деген нерсе башка, күнүмдүк жашообузга бериле турган садака болуп эсептелинет. Муну каалаган убакта,каалаган мезгилде берсеңиздер боло берет. Садакада мажбурлоо жок, кааласаң бер, каалабасаң бербе. Пайгамбарыбыз Саллохи Аллахимдин хадисинде  келет “Эгерде ким де ким садака кылган болсо, ал өзүнүн жашоосундагы балээлерден сакталат ” дейт.

Фитир садакаданда өйдө турган садака бул “Зекет” садакасы. Бул милдеттүү түрдө бериле турган  важип. Бирок чектөөлөрү бар. 41 коюң болсо, ошонун бирин зекет  кылып бер дейт. Ушундай тартиптер менен берилет. Ушинтип олтуруп 121 ге жетет, 121 коюң болсо 2 койду зекет кыл дейт. 300, 500 коюң боло турган болсо, ар бир 100 нө бирден кой болуп эсептелинет. Бул зекет жылына 1 эле жолу берилет.

Ооз ачкандан баштап, көчөмө көчө кыдырып жарамазан айткан  балдарга  диндин көз карашы.

Жарамазан бул динибизде жок нерсе. Бул салт болуп кирип калган. Салт деп айтылат. Эч бир жерде, эч кандай хадистерде айтылган эмес. Рамазан айында жарамазан айтылсын деп.

Маектешкен: Айзат Түмөнбаева

Мыкты макала сынагы үчүн.