Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт.
Андарак айылы Баткен облусунун Лейлек районуна карайт. Бул жерде илгертеден бери биздин чоң аталарыбыз жашаган, биз дагы жашайбыз. Чек араларды бөлүү учурунда Андарак Кыргызстандын аймагына тиешелүү болуп бөлүнгөн, ошондон кийин биз Кыргызстандык болуп калганбыз. Айылда 7500 дөй киши жашайт, анын 99% тажиктер. Айыл алыскы аймактардын катарына кирет, Бишкек шаарына чейин 1000 жакын км. 2018 – жылга чейин айылда бир дагы бала бакча болгон эмес, бирок айылда 2 жаштан 5 жашка чейин 850 дөн ашык бала мектепке чейинки билимге муктаж. Ошентип менин демилгем аркылуу, 2018- жылдын декабрь айында, биз 75 орунду бала бакчаны ачтык. Ошондой эле, көптөгөн кайрылуулардын жыйынтыгында Билим берүү министрлиги бала бакчага жумушчулардын штатын бөлүп берди.
Андарак айылы Тажикстан менен чектешет. Тоолорду карай турган болсок ал жакка абдан жакын, бирок түз жол жок. Жаштардын көбү чет өлкөгө акча табуу максатында чыгып кетишкен. Элдер малчылык жана дыйканчылык менен алектенишет. Бизде элдер аябай эмгекчил. Куруучулук тармагынын ар кайсы багыттарында адистешкен көптөгөн усталар бар. Бирок билим жагынан кыйынчылыктар бар. Бир кездерде кыргыз тилин билүү деңгээли өтө начар болгон, анткени ага көңүл бурулган эмес. Азыркы учурда жашоочулардын 60-70% кыргыз тилин жакшы билип, мамлекеттик тилде жакшы сүйлөшөт. 2010- жылдан баштап, мен жарандык активист катары Кыргызстандын бардык облустарын кыдырдым, Нарын облусунан башка бардык облустарга бардым. Аймактарда кичинекей айылдардагы бала бакчаларды көрдүм, биздин аймакта жок болгону үчүн ызаландым. Мен билип, сезип жүрдүм биздин негизги көйгөй бул бала бакчанын жоктугу, анткени коомчулуктун билими кичинекей кезден башталып түптөлөт. А биздин аймакта билимге аябай деле маани берилчү эмес. Бала бакчаны түзүү процессин баштоо үчүн эки жылдын ичинде көптөгөн донорлорго кат жаздым, тилекке каршы, бизди колдоого мүмкүнчүлүгүбүз жок деген жоопторду алып жаттым. Донорлор биздин аймакта балдарга арналган мекеме ачууга кызыкдар эмес болсо керек. Мен алардын кандай принциптери бар экенин билбейм. Донорлор бардык аймактарга бирдей көңүл бурушпайт, аныкталган гана аймактарга көңүл бурушат. Көбүнчөсү өздөрүнө пиар гана кылгысы келет, кээбир уюмдардан такыр эле көңүлүм калды.
Имарат издөө жана бала бакча үчүн акча чогултуу
2012- жылдан баштап мен айылдык кеңештин депутаты болом. Көптөгөн грант тартып келүү аракетинен жыйынтык чыкпагандан кийин, биз кесиптештерибиз менен биргеликте өз күчүбүз менен бала бакча ачуу чечимин кабыл алдык. Биз 20 жылдан бери пайдаланылбаган мектептин имаратын таптык. Ал Андарак айылынын орто мектеби болгон. Мектептин жетекчилигинен имаратын ремонт кылуу үчүн уруксаат алдык. Кийин чет өлкөнүн гранттарысыз идеяны ишке ашыруу үчүн, акча каражатын издей баштадык. Ошентип жергиликтүү бийлик 700 000 сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөттү, калган бөлүгүн элдер өздөрү чогултушту. Элдер канча бере алса, ошончо берип жатышты. Жалпысынан, биз бир миллиондон ашык акча чогулттук.
Акча каражаты чогулуп буткөндөн кийин биз ремонт баштадык, ремонт 4 айга созулду – май айынан август айына чейин. Биз бардык шарттарды түздүк. Бирок ремонт менен эл баары бүтүп калган жок. Бала бакча ишин баштоосу үчүн, жумушчулар керек болгон. Ал белгилүү болгондой абдан татаал процедура экен. Мен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине каттарды жазып баштадым. Алар болсо, бала бакчанын жумушчуларын каржылык жактан колдоого мүмкүнчүлүк жок экендигин айтып жатышты. Үч айдын ичинде (сентябрь, октябрь, ноябрь), жардам суроо үчүн 3 жолу Бишкек шаарына бардым. Министр менен өзүм жолугууну каалагам.
Аида Касымалиева, КСДП партиясынын депутаты Сухробчондун ишмердүүлүгү тууралуу өз фейсбук баракчасына 26 – октябрь, 2018- жылы жазды.
Бүгүн жумушум аркылуу таанышып калган, биздин замандын баатырлары тууралуу жазам. Бактыбызга алар көп. Алар биздин өлкөдө, дүйнөдө дагы көп. Тилекке каршы саясаттагы толгон токой иштердин айынан, алардын кылган иштерин түшүнүүгө жана тиешелүү көңүл бурууга убакыт табуу кыйын. Жазуу жөндөмдүүлүгүмдү жоготкон жокмун деп ишенем жана бир күнү бардык окуялар китепке жазылат. Ал баатырлардын бири Sukhrobzhon Ergashev Андарак (Баткен, Лейлек) айылындагы мугалим. Эгер анын баракчасына кирсеңиз, ал кантип бала бакча салууну баштаганы, жергиликтүү элдин жардам бергенин жана балдар ал бала бакчаны кантип күтүп жатышканын көрө аласыңар. Анын ар бир кадамында кыйынчылыктар болду. Азыр болсо бюджетке тарбиячылардын айлыгын киргизүү эле калды, бул жөнүндө мен бир канча жолу айткам. Кыскасын айтканда, бул жалгыз кишинин чоң бюрократия машинасы менен күрөшүүсү. Кээде, ал машина биздеги бардык нерсени алып кетип жаткандай- бардык бийик максатарды, жүрөктөрдөгү отту жана акылдын тазалыгын. Аида Касмалиева, Андарак айылына бала бакча ачуу, ошондой эле, балдар мекемесине иштөө үчүн штаттык жумушчуларды бөлүп берүү маселесин көтөргөн Жогорку Кеңештин отурумунан видео:
Мен өз миссиямды аткардым деп эсептейм
Мен Билим берүү министри менен жолугуу үчүн 2 жолу аракет кылдым, бирок жыйынтык чыккан жок. Үчүнчү жолуу жолугушууга мүмкүнчүлүк алып, абалды түшүндүрдүм. Мен биздин көйгөйлөр тууралуу айтып бердим, бала бакча даяр экендигин айтып, ал жакка мамлекет тарабынан айлык акы төлөнгөн жумушчулар керек экендигин айттым. Министр жакшы кабыл алып, биздин жолугушуудан кийин буйрук чыгарды. Ошентип, 1 декабрга карата жумушчулар тууралуу маселе чечилди. «Андарак» бала бакчасынын эшиги 1- декабрь күнү ачылган. Биздин 75 баланы алууга мүмкүнчүлүгүбүз болду. Алар 3 группада тарбияланып жатышат. Жалпы мекеме үчүн 18 жумушчу бөлүнгөн. Бала бакча ачуу идеясын биз мурда эле көтөргөнбүз, бирок президенттен жана депутаттардан — “биздин планыбыз жана мүмкүнчүлүгүбүз жок” деген бир жоопту алып келгенбиз. Чынын айтсам мен бул жоопторду алдын ала эле, жатка билчүмүн. Менин колумда 25 тен ашык кат бар. Башка дагы көйгөйлөр бар болчу, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылууга мүмкүн эмес болчу. Биздин айылда бул суроолор боюнча профессионалдуу кадрлар жок. Баардыгы өтө оор болчу…
Жалпысынан айылда эки жаштан 5 жашка чейинки 850 бала бар, бул бала бакчага муктаж балдардын категориясы. Биз бардык сандарды билебиз, бул суроону бала бакча ачуу идеясын ишке ашыруу үчүн изилдеп чыканбыз. Биздин кийинки кадам- бул кыска убакыттын ичинде көбүрөөк группалар бата турган башка бала бакча салуу идеясын демилге кылуу. Анткени бизде балдар абдан көп. Мисалы учурда дагы 150 бала кезекте күтүп жатышат. Жумушчулардын айлык аксысы мамлекет тарабынан төлөнөт.Бала бакча эртеңи мененки 9 дан кечки саат 5 ке чейин иштейт. Мен айылдык кеңештин депутаты жана эл өкүлү катары өз миссиямды аткардым. Мен 2012- жылы депутат болдум, бирок бала бакчаны ачуу идеясы мурда эле болгон. Мен баардыгын көпкө изидедим, тажрыйбам жетчү эмес. Мурдагы жылы элдин жардамы менен баары ишке ашты. Таң аткандан, түнгө чейин иштегеним эсимде.
Фируза Каланова, «Андарак» бала бакчасынын директору: Бала бакча директорунун ордун мага Сухробчон сунуштаган, мен макулдук бердим. Буга чейин 10 жылдай мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштегем. Кесибим боюнча мен- химикмин. Бала бакчада мен иш процессин башкарам, ошондой эле биздин сонун балдарга тарбия берүү үчүн жумушчуларды шыктандырууга жана колдоого аракет кылам. Учурда бизде 4 тарбиячы бар, алардын 3 дайыма иштешет, ал эми бирөө алмаштыруу үчүн. Биз жылдык план менен иштейбиз. Мүмкүн болушунча башка бала бакчалардын директорлору менен жолугушууга аракет кылабыз, алар кеп кеңештери жардам беришет. Азыр бала багуучуларды издөө менен алекпиз. Уйку саатында убакытты бекер кетирбөө үчүн, биз кесиптештер менен жолугуп, сүйлөшүп, жаңы нерселерди үйрөнүүгө аракет кылабыз. Учурла бала бакчада 75 бала. Биз 2 этажды көтөрүүнү пландап жатабыз, имарат кичинекей болуп жатат, ал эми каалоочулар көп. Бала бакчаны ачуу демилгеси айыл жашоочулары тарабынан позитивдүү кабыл алынды. Ыраазы болгон элдер келип, өз батасын берип жатышат. Балдардын билим алуусуна, кыргыз жана орус тилдерин үйрөнүүсүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүгү пайда болгондугуна сүйүнүп жатышат. Мен көп жыл башталгыч класстардын мугалими болуп иштедим жана өз тажрыйбамда үйдө тарбияланган балдар менен бала бакчада тарбияланган балдардын айырмасын сездим. Айырма абдан чоң. Мектепке чейинки билим берүүчү жайларды өнүктүрүү маанилүү деп эсептейм, анткени алар баланын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн жана коомдун өнүгүүсү үчүн фундамент болуп эсептелет.
Баланын өнүгүүсү үчүн бала бакчанын маанилүүлүгү
Шералы Калонов, Андарак айылынын жашоочусу, 34 жашта Менин үч балам бар, экөө мектепке барышат. Эң кичүүсү 2,5 жашта. Бизде жашоочулар көп, ошондуктан балдарымды кошуна айылдардын бала бакчаларына дагы киргизүүгө дагы жетишпей калчумун. Бир жыл эч жакка кире албай калдык. Ошондуктан биздин айылда бала бакча ачылганына абдан сүйүндүм жана биз дагы ал жакка кире алдык. Бала бакча абдан жакты. Бала бакча ачылганда аны көрүп чыктым, ичинде жакшы санитардык түйүн, бөлмөлөр жана ашкана бар. Үйдөн дагы жакшы шарттар бар экен. Балдарды алып келгенде жумушчулар балдарды эшиктин оозунан эле тосуп алышат. Өздөрү чечинтип, кийинтишет.Биринчи жолу келгенде баламдын бут кийимин чечейин деп жатсам, уруксаат бербей өздөрү чечебиз дешти. Бизде ушундай эрежелер бар дешти. Мен баламдын абдан өзгөргөндүгүн байкадым. Мен Оруссияга акча табуу максатында кеткем, келгенде балам такыр башкача болуп калыптыр. Мүнөзү пайда болуптур. Менин балам учурда тажик группасына барат. Азыр ал эптеп септеп эле сүйлөйт. Кийин мен аны кыргыз группасына, андан кийин орус группасына берүүнү пландап жатам. Кийин англис тилдүү группаны ачуу пландалууда. Мен баламды ошол группага жаздырат элем. Балам чет тилди билүүсүн абдан каалайм. Мен бала бакча үчүн акча каражатын топтоого активдүү катышкам. Биз ремонт учурунда дагы жардам бергенбиз. Менин бир тууганым жана Сухробчондун досу ремонт үчүн 15 000 сомдон акча беришкен. Биздин айылда акча чогултуу марафон сыяктуу эле болду- элдер канча бере алса, ошончо берип жатышты; бирөөлөр 20 сомдон, бирөөлөр 100 сомдон, бирөөлөр 500 сомдон. Ремонт учурунда акчалай жана кол кабыш түрүндөт дагы жардам бергендер көп болду. Бийлик мурда бул көйгөйгө эмнеге көңүл бурбагандыгын билбейм, балким маанилүүлүгүн түшүнчү эмес, балким каржылоо үчүн резервде акча жок болгон. Менин оюмча баланын жалпы өнүгүүсүнндө бала бакчаны орду чоң. Өзүмдүн төрт балам бар. Алар кошуна айылдын бала бакчасына барышат. Ал жакка биринчи жөнөткөндө дароо жыйынтык байкалганы эсимде. Балдар өз теңдүүлөр менен сүйлөшкөндө өзгөчө сезим пайда болот. Андарактан көбү ал жакка алып бармак, бирок ал жакта орундар чектелүү. Бала бакча 75 балага ылайыкталган. Бала бакча көп тилдүү, үч группа бар- кыргыз, орус жана тажик. Бала бакча мамлекеттик жана акысыз.
Материал Кыргызстандагы «Интерньюстун» колдоосу менен «Аймактардын тарыхы жүздөр аркылуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Кыргызстандагы Интерньюс материалдын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес, ал сөзсүз түрдө анын көз карашын чагылдырбайт. Материалдын үстүнөн иштөө:
Интервью жана текст: Диана Рахманова Фото: Каарман Сухробчон Эргашевдин архивинен Видео: КСДП партиясынын архиви Корректор: Елена Бослер-Гусева