Таласта Кызыл Чырым жана Кызыл Ай коомунун күнү болду

45

8 — май Бүткүл дүйнөлүк Кызыл Чырым жана Кызыл Ай коомунун күнү Талас шаарындагы борбордук базарда кызуу өттү.

Бул иш-чарада ыктыярчылар даярдаган концерттик программаны көрсөтүштү.

Программада ВИЧ, кайтарымсыз кан тапшыруу, кургак учук ооруларынын келип чыгуусу, себептери арылуунун жолдору сахналаштырылган менен көргөзүлдү.

Ыктыярчы кыздар бийлеп жана комузда кол ойнотуп иш-чаранын көркүн ачты. Талас шаарынын тургундары менен суроо – жооп (викторина) болуп, туура деген жооптун ээлерине белектер берилди. Алгачкы медицинага чейинки биринчи жардамы боюнча мастер – класс көргөзүлдү. Жыйынтыгында, ар бир көрүүчүгө каалоо- тилектер жазылган таттуулар таркатылды.

Подготовила: Адеми Зоотбекова