Базар-Коргондо Китеп кербени өттү

2019-жылдын 10-май күнү Республикалык деңгээлдеги «Китеп кербени» акциясы Базар-Коргон районунда өттү.

Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Ноокенде өтүлгөн «Китеп кербени-2019» акциясы Базар-Коргон районунда болду.

Бул жерде китеп жазган улуу акын жазуучу эже-агайлар, ошондой эле таланттуу мектеп окуучулары, кол өнөрчүлүк боюнча «Өзүм жасай алам» деген темада жасалган кооз буюмдарды, компьютерди, англис тилин билген окуучулар конструктор окуучулар, ыр жазган, бийчи, ырчы окуучулар келди.

Базар-Коргон райондук маданият үйүнүн алдында таланттуу окуучулар бий бийлеп өнөрлөрүн көргөзүштү.

Жомок окуп берүү боюнча Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери Кожонова Сүйүмкан, Базар-Коргон районунун окуу усулдук кабинетинин башчысы Маматова Жаркын жана Маданият үйүнүн башчысы Аскарова Сонунбү балдар үчүн атайын жомокторду окуп беришти.

Балдар уккан жомоктору боюнча өздөрүнүн эсинде калган каармандарды кагаз бетине сурөт кылып түшүрүштү. Ошондой эле бул саамалык Жалал-Абад областык китепканасынын жетекчиси Самиева Сейил, Гулмира эжекелер кызыктуу ролдошкон көрүнуштөрдү көрсөтүштү.

Белгилүү акын Нуркан Койчуманованын таасирлүү ырлары окулду.  Балдар үчүн арзан китептер сатылды.

Балдардын колунан жасалган буюмдар.Окуучулар үчүн кызыктуу оюндар ойнотулду.

«Бүгүнкү акция мага аябай жакты. Себеби азыр балдар китеп окубай калышты. Өспүрүмдөрдү кызыктырган жомок китептер аябай көп экен. Өспүрүмдөр арасында ойлоп табуучулук, конструкторлорго басым жасаганы жакты. Унутулуп бараткан ата-энелердин жаш балдарга жомок окуп берүүсү эсимде калды. Эгерде ар бир үй- бүлөдө балага ушундай китеп окуп берүү болсо эң жакшы болмок,»-деп билдирди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Касым Дарманкулов.

«Китеп кербенин-2019» акциясынын төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:

 

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ