Кызыл-Тууда таланттуулар таймашы болду

279

Сокулук районуна караштуу айыл ɵкмɵттɵр ортосунда «Талант тамыры элде» аттуу иш чара белгиленди. Ага 18 жаштан 35 жашка чейинки ɵнɵрлүүлɵр катышып күч сынашты.

Башкы максат эл ичинде катылып жаткан таланттарды таанытуу экенин уюштуруучулар белгилешти. Салтанатта катышуучулар ар кайсы тармакта күч сынашты. Алардын бири Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектептин мугалими Динара Сарбагышева буларга токтолду:

«Жобого ылайык районубуздагы айыл ɵкмɵттɵр аралык фестивалда ар бир айыл өздөрүнүн программаларын көрсөтүшүп, форма, сахнанын жасалгасы, районубуздун өнүгүшүнө салым кошкон тарыхый инсандардын өмүр жолдорун чыгармачылык менен  чагылдырып жатабыз. Өзгөчө белгилөөгө татыктуу деп мен унутта калып бара жаткан каада салттарды жана ырларды жандандырууга жасалган аракеттерди айтар элем. Биз Кызыл-Туу айыл ɵкмɵтү Саз жана Тɵш Булак айыл ɵкмɵтү менен сынакка катышып, биз 451 упай менен алдыга чыктык. Жеңип чыккан он тайпа экинчи турда күч сынашабыз».

Сынакка ар бир айыл ɵкмɵт өзгөчө жоопкерчилик, чыгармачылык менен  даярданышкандыктан аларды эл да жылуу маанайда кабыл алышты. Ошондой эле  унутта калып бара жаткан ырларды, каада -салттарды мыкты даярдык менен көрсөтүштү. Бул күнү кыргыз элинин элдик ырлары, сатиралык интермедия, вокал, эл аспаптары коштогон фольклордук чыгармалар, ыр-бийлер менен коштолду.

Белгилей кетсек, алдыга озуп чыккан он команда финалда күч сынашат. Андагы байге фонду  1-орунга 20 мин, 2-орунга 15 мин, 3-орунга 10 мин, 4- орунга  6 мин, 5- орунга 4 миң сом жана кызыктыруучу белектер коюлган.

Даярдаган: Айсулуу Нурматова