Суусамыр: Улуу Жеңиш Майрамы!

181

9-май-Улуу Жениш күнү! Улуу майрамды утурлай Иманжан Бегимкулов атындагы Тунук орто мектебинде баатырларды эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры жана агартуучу Иманжан Бегимкулов эскерилип, балдары жана кыздары куран окушту.

Андан тышкары, аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү, мектеп директору, класс жетекчиси болуп Суусамыр айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кошкоро Жаманкуловду куттуктап, белектерин тапшырып келишти.

Эскерүү кече ыр-бий жана окуучулар уюштурган парад менен коштолду.

Даярдаган: Зыйнат Самарбекова, Айзат Абазбек кызы