Сүрөтбаян: Ооган-Талаа айылында Жеңиш күнү

Ооган-Талаа айылындагы № 17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына карата майрамдык иш- чара өттү.

Иш- чарага мектептин 8-11-класстары катышып жөө жүрүш менен Согушта курман болгондорго багыштап куран окулуп, мемориалдарына гүлчамбарларды коюшту.  Ал эми иш-чаранын экинчи бөлүгүндө мектептин орус тили жана адабияты мугалими Абитова Арапатхан эжеке даярдаган концерттик программа менен башталып, «Май вальс» менен аяктады.

Төмөндөгү сүрөттөрдөн иш-чаранын кандай өткөнүн көрө аласыздар:

Могол айыл аймагынын социалдык адиси Садыков Улукбек:

«Окуучулардын жылда ушулжергекелип, гүл коюп кетиши аябай жакшы жөрөлгө. Биз дайыма тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Бул жеңиш бизге кандай курмандыктар менен келди. Демек, биз унутпашыбыз керек.»

Курман болгондорго куран окулду.

«Тоо гүлү» балдар бакчасы да эстеликтерге келип гүл коюшту.

«Май вальсы» бийленип жаткан кезде.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ