Сумбулада эки элдин достугун бекемдөө үчүн иш чара өткөрүлдү

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө кыргыз, тажик элдеринин ынтымагын бекемдөө максатында «Ынтымак- ийгиликтин ачкычы» аттуу маданий иш чара өтттү. Бул иш чара облустук деңгээлде өттү.Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүнүн жооптуу катчысы Абдураим Жороевдин айтымында Сумбула айыл өкмөтүндө жашашкан кыргыз, тажик улуттарынын ынтымагын бекемдөө максатында “Ынтымак ийгиликтин ачыкычы” аттуу кароо сынагы жаштардын арасында өткөрүлүп турат. Жаштар өздөрү даярдаган концерттик программаларын келген конокторго тартуулашты. Бул иш- чара менен улуттар аралык мамилени бекемдөөсүнө өбөлгө түзөт деп билдирди.

Даярдаган: Данияр Исакбаев