Лейлекте кулатуу боюнча эл аралык турнири өттү

Лейлек районунун борбору Исфана шаарынын борбордук стадионунда кулатуу боюнча Эл аралык WFF PROFFIGHT турнири өттү. Турнирге Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандык спортчулар катышты.Лейлек райондук спорт комитетинин уютуруучулардын айтымында бул мелдеш райондун жаштарынын арасында спортко болгон кызыгуусун арттырып, сергек жашоого чакырат деп билдирди.

Турнирге 1 млн 2жүз миң сом каралган. Турнир 6 миңден ашуун көрүүчүлөрдүн катышуусунда өттү.

Даярдаган: Данияр Исакбаев