Жергиликтүү устанын боз үйлөрү чет мамлекеттерге сатылат

Айыл тургуну Мекен Осмоналиев боз үйлөрдү колго жасап, сапатына жана өзгөчөлүгүнө көңүл бурат. Ал жасаган боз үйлөр чет мамлекеттерге сатылат.

Байыртадан эле биздин ата бабаларыбыз боз үйдѳ жашап келишкен. Кыргыз эли кѳчмѳн эл болгондуктан, алардын жашоо шартына ылайыкташтырылып жасалган. Бара-бара заман ѳзгѳрүп, аны менен кошо адам заты да ѳзгѳрүп азыркы боз үйлѳр түрдүү болуп жасала баштаган учур. Бул туурасында кѳп жылдардан бери устачылык менен алектенип келген Барскоон айылынын тургуну Мекен Осмоналиев менен маек курдук.

Ал алгач 27-жашында биринчи боз үй жасоого бел байлап, ал боз үйдү 32 жашында жасап бүткѳн. Бул жасаган боз үйү Кыргызстан боюнча эң чоң жана кереметтүү кооз боз үйлѳрдѳн болуп баш байгеге ээ болгон. Устачылыкка тартылуу себептеринин бири, ал сүрѳтчүлүк кесиптин ээси богон. Ал ѳзү боз үйлѳрдү ѳзгѳчѳ кылып жасоону ойлонуп, аны ѳз оюундагыдай кылып ар түрдүү ыкмалар менен чиймесин түшүргѳн. Андан соң боз үй жасоого киришкен. Устанын боз үйлѳрү башка боз үйлѳрдѳн айырмасы, ал ѳз технологиясын колдонуп жасайт. Мындан тышкары, сапатына абдан басым жасайт. Жасалган боз үйлѳрү азыркы учурда кѳбүнчѳсү чет мамлекеттерге гана сатылат.

Бир боз үй жасоодо абдан кѳп каражат сарпталарын айтып ѳттү. Азыркы учурда тал жана теректен жасалып жатат. Мындан тышкары ички жасалгаларына жана тышкы жабууларына жиптер, жүн, топоздун кылдары, жылкынын жал куйругу колдонулат. Диаметри 6 метр болгон чоң боз үйдү жыйырма киши, эки айда толугу менен даярдап бүтѳт. Жана бир боз үйгѳ сарпталган каражат 300000 сомду түзѳт.

 

Мекен Осмоналиев жалгыз эле боз үй жасоо менен алектенбестен, топурактан кирпич жасоочу дагы ишкана ачкан. Ал эле эмес малдын терилерин кайра иштетип териден ар кандай буюмдарды жасоого убакыт бѳлүп турат.

Даярдаган: Акылбек Ислан уулу, Элеонора Жолдошбекова