Айыл жашоочулары спорт аянтын өз демилгеси менен курушат

125

Суусамыр айылынын Боронбай Чылпаков көчөсүнүн тургундары чогулуп, өз көчөсүнө спорттук аянт курушат. Ал спорт талаасына балдар аянтчасы, волейбол, футбол оюндарына шарттар түзүлөт. Кооздук үчүн тегерегине бактар тигилет. Демилгени көчө тургундары өздөрү алып чыгышкан.

Бул тууралуу көчө башчысы Касымалиев Бекматжан билдирди: “Балдардын келечеги деп ушул көчөнүн тургундары чогулуп, биринчи волейбол антчасын жасап жатабыз тегерегине бактар тигилет. Жалпы футбол жана балдар аянтчасы курулат. Каражатын өзүбүз чогултуп жатабыз”,-дейт. Карымшаков Раисбек бала кезинен бери ушул көчөдө жашайт. Анын айтымында мурда балдарга ушундай шарттар жок болгон. Ушул жерлерде чаңга оонап ойночубуз дейт.

“Мурун бул жер аң-дөң, суу жеп кеткен эч нерсе салынган эмес. Бала кезибизден эле ушул жерде ойночубуз. Азыр ушулардын баарын айыл өкмөтү туздөтүп берди. Түзөп кеткен жерлерин азыр волейбол талаасын кылабыз. Андан өйдө жагы балдар аянтчасы болот”.

Бул демилгеге балдар кубанып жатышат. Мектептин окуучусу Абдразаков Максат курулуш бүткөндөн кийин, бул жер кооз болуп көңүл ачуу жерге айланарын белгиледи.

“Бул иш-чара мага жагып жатат. Бактар тигилип жатканынын себеби кооздук үчүн жана балдар келип көңүл ачып кетүүлөрү үчүн, биз бул жерди бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз”.

Айыл тургундарынын айтымында акча каражатын өздөрү чогултуп, өз күчтөрү менен куруп бүтүшөт. Ал эми спорт талаасын куруу үчүн Суусамыр айыл өкмөтү жер бөлүп берип ойдуң жерлерин түздөтүп берген. Мындай демилгени ар бир көчө тургундары жасаса, айылдын өнүгүшүнө чоң салым кошулат.

Даярдаган: Сарымсакова Гүлзар