«Окурман үй-бүлөлөр» таймашты

Кулатов айыл өкмөтүндөгү Т.Айбашев атындагы орто мектебинде Балдарды коргоо уюму тарабынан «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» долбоору тарабынан «Окурман үй-бүлө» деген аталышта фестиваль болуп өттү. Фестивалга башталгыч класста экиден ашык балдары окуган ата-энелер балдары менен катыша алышты. Төрт үй-бүлө катышышты.

Катышуучуларга алдын ала тапшырмалар берилип, алар түрдүү шарттар аркылуу даярдык көрүштү. Конкурс беш шарт аркылуу өткөрүлдү. Фестивалга Save the Children Эл аралык уюмунун Америкадан келген коногу Колень Аль Фред жана «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» долбоорунун координатору Гүлзада Рызаева катышышты.

Конкурстун катышуучуларын баалоо үчүн атайын калыстар тобу дайындалды. Калыстар тобунун мүчөлөрү Балдарды коргоо уюмунун түштүк аймагы боюнча координатору Гүлзада, айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Көчкөнов Данияр жана мектеп директору Нурдинова Замиралар болушту.  Үй-бүлөнү видео ролик аркылуу тааныштыруу, жасаган китепчелерин презентацилоо, көркөм окуу, окуган жомоктору боюнча суроо жооп, аудио угуу болду. Беш шартты мыкты аткарган үй-бүлө айыл өкмөт тарабынан атайын белектер тапшырылды. Биринчи орунду Эшимовдор үй-бүлөсү багындырып духовка менен сыйланды. Экинчи орунду Галдыбаевдер үй-бүлөсу ээлеп, термос менен сыйланышты. Үчүнчү орунду Акботоевдер ээлеп, утюг менен сыйланышты. Төртүнчү орунду Идрисовдор ээлеп, тефаль менен сыйланышты. Фестивалдын жеңүүчүсү Эшимов Апсатар бул иш чаранын уюшулгандыгына жогору баа берип, үй-бүлөдө балдар менен көп убакыт өткөрүүгө шарт түзөрүн билдирди жана айыл өкмөткө ыраазычылык билдирди. Андан сырткары, башталгыч класстардын окуучуларына китепче жасоо боюнча да сынак жарыяланып, жакшы китепче жасаган 12 окуучу долбоордун уюштуруучулары тарабынан белектер менен сыйланышты.

Даярдаган: Кылычбек кызы Гүлзина, Абдразаков Элдар