Айылдык келиндер таймашты

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ноокат аймагындагы «Улуу-Тоо» кино театрында «Ыймандуу келин 2019» аттуу конкурс болуп өттү. 

«Ыймандуу келин-2019» сынагы 2019-жыл санариптештирүү жылына жана аялдардын күнүнө уюштурулду. Сынакка жалпысынан 12 айыл өкмөт жана ошондой эле эч жерде иштебеген, үйдө олтурган келиндер катышышты.

Концерттик программада саламдашуу, келин кийим модасы, түрдүү салат жасоо, керексиз нерседен керектүү буюм жаратуу, келин кайнене мамилесин чагылдыруу, кайнене келинине мүнөздөмө берүүсү жана хоббиси көрсөтүлдү.

Бул конкурс Ноокат районунун акимчилиги жана маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулду. 1-орунга Кеңеш айыл өкмөтү, 2-орунга Исанов айыл өкмөтү болду. Уюштуруучулар 1-орунга 1-даражадагы диплом, 2-орунга 2-даражадагы дипломдорду ыйгарып жана ошондой эле кийинки орунду ээлеген катышуучуларды кур калтырбастан аларга да мактоо баракчаларды, белектерди берип, баарын ыраазы кылышты.

«Ыймандуу келин-2019» кароо сынагында 1-орунду ээлеген, жеңүүчү келин Дилфуза Анарбай кызынын айтымында «Сынак эң мыкты деңгээлде өттү, бардык көрүүчүлөргө, калыстарга, катышуучуларга жакты деп ойлойм. Баардыгына ыраазычылык билдирем, мени колдогондорго уюштуучуларга рахмат»,- деп билдирди Анарбай кызы.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы