Каныбек Эсеналиев: «Билим берүү тармагында өсүш бар»

«Билим берүү тармагында өсүш бар»,- дейт Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев. Быйылкы окуу жылында райондун аймагындагы окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө, кылмыштуулукту алдын- алууда иштер жүргүзүлдү.

«Окуучулар облустук, республикалык «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам», «Жоокер ыры» «Манас таануу» сыяктуу сынак, интеллектуалдык таймаштарда алдынкы орундарды камсыз кылышты. Ошондой эле мугалимдердин да учур талабына ылайык сабак өтүүлөрү үчүн методикалык жардамдар көрсөтүлүп, билимдерин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу максатында семинар, тренингдер өтүлдү. Учурда бүтүрүүчү класстын окуучулары «Алтын тамга» аттестатына ээ болуу үчүн тесттен өтүүгө даярдык көрүп жатышат. Бирок райондогу мектептердин бир дагы окуучусу облустук, республикалык предметтик олимпиадаларда артыкчылык көрсөтө алышкан эмес. Бул тууралуу Ак-Талаа Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эсеналиев мындай дейт: «Окуучулар жыл ичинде «Аракет», «Билимкана» өңдүү уюмдардын олимпиадаларына жигердүү катышып, ийгилик жаратышты. Бирок чынында предметтик олимпиадада жакшы жыйынтык бере алган жокпуз. Ѳзүңөр билгендей билим берүү бүгүн үйрөтүп, эртең жыйынтык берчү тармак эмес. Көп жылдык эмгекти жана аракетти талап кылат. Азыр окуучуларды олимпиадага 5-6 класстан баштап, жөндөмүнө карата даярдоону пландадык. Район боюнча окуучулардын билим сапатында 3.2% өсүш бар.  Болгон аракетти жумшап жатабыз. ”

Даярдаган: Мамытбекова Гүлбарчын