Барскоон: Адамдарды сатууга каршыбыз

Адам сатуу-бул азыры күндөгү глобалдуу масштабдагы кылмыш болуп эсептелинет. Ал белгилүү өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы сексуалдык эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулдук, күнкордук анын түрдүү курмандыктарга айлануу менен бүтөт. Адам сатуу багыты, анын алдын алуу жолдору жана жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн социалдык адиси Эркин Жапарова менен кыскача маек курдук.

«Бизде Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 15-ноябырындагы №743 Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2017-20 жылдарга карата «Адамдарды сатууга каршы күрѳшүү» программасынын негизинде айыл ѳкмѳтүнүн 17-январь 2018 жылы тѳртүнчү токтому бекитилип ошого иш чаранын негизинде иш алып баруудабыз. Негизинен бизде иш алып барылып жатат, «Адамдарды сатуунун алдын алуу, бѳгѳт коюу» жана «Кыз ала качуу» боюнча аялдар кеңешинин отуруму болду. Мектептерде «Ала качуу кылмышпы» же болбосо «Адамдарды сатууда кандай ой пикирлериңер бар» деген темаларда дил баяндар жазылып, окуучулардын пикирлери дил баяндын негизинде алынып турат».

 Дүйнөнүн 13 өлкөсүндө, алардын катарында Борбор Азияда бир гана Кыргызстанда адам сатууга каршы долбоор ишке ашууда. Адам сатуу деген түшүнүк биздин мамлекет өз алдынча болгон жылдардан тарта келип калды. Баарына маалым болгондой, ал жылдардан соң өлкөдө кыйынчылыктар боло баштап, жарандар эптеп акча табуунун аракетин көрүп калышты. Мына ушундай аракеттердин натыйжасы менен көп нерсеге маани бербеген түшүнүгү аз жарандар адам сатуунун курмандыгына айланып калышты. Бул туурасында толук маалымат билүү үчүн Кыргыз ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик жарандардын чет ѳлкѳдѳгү эмгек миграциясы бѳлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев кайрылганыбызда ал тѳмѳнкүлѳргө токтоло кетти:

«Кыргыз Республикасында адам сатуу проблематикасына кѳңүл буруу 2003- жылы апрелде Эл аралык деңгээлде адам сатууга каршы полямский протокол деп коет, бул Бириккен Улуттар улуттар уюушулган кылмыштуулук группаларына каршы конвенциясы бар ошону толуктаган протокол деген кошумча документи бар. Ошону ратификация кылгандан кийин Кыргыз Респубикасында ошонун алкагында тиешелүү иш аткарыла баштады. Ушул конвенция ратификациядан ѳткѳндѳн кийин 2005 жылы 5-мартта №55 Кыргыз Республикасынын  адам сатууга каршы багытталган атайын мыйзам кабыл алынган. Азыркы мезгилде 2005 жылдан баштап ѳкмѳт тарабынан 3 жылдык «Адам сатууга каршы» жана «Адам сатуунун алдын алуу» боюнча ѳкмѳттүн атайын үч жылдык программалары  кабыл алынган».

Бул маселе боюнча Ысык-Кѳл облусунун Жети- Ѳгүз районуна караштуу Барскоон айылында жайгашкан Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Адам сатууга жана кулчулукка каршыбыз” деген темада  9-11 класстардын катышуусунда дил баян жазылган. Мындан тышкары, балдар мектепке «Наристе» классына келгенден тартып эле иш жүргүзѳ башташат. Ал эми чоң класстардын окуучуларына, ата-энеси менен бирдикте класстык саатарды байма-бай ѳткѳрүп турушарын, мектептин социалдык мугалими Жыпар Карыбай кызы айтып ѳттү:

«Адам сатуу жана кулчулукка кабылуу» деген тема биздин ѳлкѳдѳ абдан кѳйгѳйлүү маселелердин бири болуп жатат. Ѳлкѳдѳгү эле кѳйгѳй болбостон биздин мектепте дагы биз алып бара турган эң башкы иштердин бири ушулардын тегерегинде жүргүзүлѳт. Биринчи «Наристе» класстардан баштап кѳп иштерди жүргүзүп келебиз. Экинчи-үчүнчү класстардын ата-энелерин чакырып, жыл башынан бери зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кѳп иш- чараларды ѳткѳрдүк. 8-классатардан баштап эле кесипти туура тандоо, эч качан жеңил акча оңойлук менен келбейт, эгерде башка ѳлкѳгѳ иштеп кете турган болсо баардыгы тең ата-энеси менен бирдикте, мыйзамдуу жол менен, атайын миграция комитеттери бар ѳлкѳдѳ. Мына ушундайлар аркылуу гана  кетишин талап кылып класстык саататрды жана кесипке багыттоо сабактарын байма-бай ѳткѳрүп турабыз».

Ар бир адамдын өзүнүн өмүрү өзүнө кымбат. Биз ушундай кымбат, табылгыс өмүрүбүздү андай жолдо жок кылбайлы. Жүзү адам сыяктуу бирок, ит жасабаган иштерди аткарган адамдар да жок эместигине баарыбызга маалым.  Учурда негизги койгойлуу маселе болгон, кыргызстандык кыз-келиндердин алыс, жакынкы чет ѳлкѳлѳрдѳ сексуалдык кулчулукка, зордук зомбулукка, алдамчылыкка кабылуусу эмнеден болуп жаткандыгы туурасында айыл тургуну, жергиликтүү айыл депутаты Кайырбек Кыдыралиев ѳз оюн мындайча билдирди:

«Кыргызстандык кыз-келиндер алыскы жакынчы чет ѳлкѳлѳргѳ кетип алдамчылыкка кабылып калуусу, Кыргызстанда жумуштун жоктугунан болуп жатат. Жумушсуздук кѳп болуп чет ѳлкѳлѳргѳ кетип ошондон алданып калып жатышат.Кыргызстандан алдамчыларга кабылып ошолор алдап барып сатып жиберип атышат кыз-келиндерди, ар кандай жумуштар менен бул жерден убадаларды берип. Жумуш менен камсыз кылабыз жатакана менен камсыз кылабыз деп убадаларды берип, тигил жака барганда алдап сатып жиберип атышат. Мен ошондон кулчулукка, алдамчылыка кабылып жатышат деп ойлойм. Экинчиден ар кандай акчага алданып ошондон болуп жатат деп ойлойм».

Биз да дайым бөтөн элдеги сонун жашоону эңсеп суктанып, кээде кыялданып кантип ушул жолго түшүп калганыбызды билбей да калабыз. Андыктан өзүбүзгө жана жакындарыбызга сак бололу. Өз өлкөңдөн таппаган бакытты эч убакта бөтөн элден таппайсың.

Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева