Дыйкан фермерлер үчүн практикалык семинар өтүлдү

212

«Жердин кыртышын себүүгө даярдоо жумуштарын аткарууда, айыл чарба техникаларын эрежеге ылайык пайдалануу» боюнча практикалык семинар өтүлдү.

Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук администрациясынын адиси Алмаз Калманбетов билдирди.

Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн «Ак-Талаа» участогунда өткөрүлду. Ага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Улан Иманбердиев, айылдык аймактын башчысы, айыл башчылар, айыл аксакалдары жана кызыккан дыйкан-фермерлер катышты.

Семинарга Көк-Ирим МТС ишканасынын 3 МТЗ трактору, 2 соко, 2 мала, 1 сеялка катышты. Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Алмаз Жумабаев жана жайыттарды башкаруу боюнча адис,аграном Жыргалбек Абдыжапаровдор тарабынан жеткиликтүү маалымат берилди.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова