Тогуз-Торо районунда вело жүрүш өткөрүлдү

93

7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата райондук деңгээлде спорттук иш- чара өткөрүлдү.

Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук администрациясынын адиси Наргиза Нургазиева билдирди.

«Жалпы дарыгерлер борборунун кызматкерлери тарабынан катышуучулардын кан басымы жана кандагы канты текшерилип атайын машыктыруучунун жетектөөсүндө эртен мененки көнүгүү жасалып, жыйынтыгында Казарман айылынын негизги көчөлөрүндө вело-жүрүш өткөрүлдү. Спорттук иш- чара раймамадминистрациясынын демилгеси менен Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер борборунун уюштуруусу, Райондук жаштар кеңеши, Тилектеш Эл коомдук бирикмеси, Отор Чопиев атындагы спорт мектебинин колдоосу жана райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрүлду».

Катышуучулардын коопсуздугу Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогорку деңгээлде камсыз кылынды.

 Даярдаган:  Нуриза Рыскулова