Гендердик теңчилик кесип тандоо жана ишкердүүлүктө

138

Кыргызстанда акыркы жылдары гендердик теңчилик жөнүндө түшүнүктөр байма бай айтылып, аял менен эркектердин тең укуктуулук маселери көтөрүлө баштады. Бул үчүн акыркы он жыл аралыгында көптөгөн иштер жасалды. Мурда кызга сеп камдап аял киши автоунаа башкарганы коомдо жат көрүнүш катары бааланчу. Учурда мындай көрүнүштөр көнүмүш нерсеге айланды. Бул дагы болсо гендердик теңчиликтин бир учугу десек болот.

Буга айыл жергесинен мисал келтире турган болсок, Суусамыр айылында Такырбашева Эльмира көп жылдан бери аталган айылды туруктап, чакан мал чарбачылык менен алектенип, дыйканчылык кылат. Учурда мээнети кайтып дүкөн жана чакан кафе кармап ишкердик кылууда. Жашы карылыка келип калган апасы менен жалгыз бой. Балдарын эрезеге жеткирген. Суусамыр айыл өкмөтүндө башкы эсепчи катары да айылга таанымал.

“Менин үй-бүлѳмдѳ киреше булактар дүкѳнүм, кафем, мал чарбасы жана жер айдап дыйканчылык кылам. Буга чейин калпактарды, андан чыккан ѳѳндѳрүнѳн кичинекей балдарга чүмѳк тигип сатып жүрдүм. Ошентип мен дүкѳнүмдү ѳркүндѳтүп чоңойттум. Мен жалгыз бой болгондуктан кѳп эле кыйынчылыктар болду. Кѳп учурда  мамлекеттик жумушта болуп жаттым. Ишкердикти ѳстүрүү үчүн мен малымды сатып пайда кѳрѳм”. Ал эми Суусамырдын тургундары аял эркектердин жумуштары деп бөлүүгө болбойт, буга көпчүлүктүн деле көз караштары түз дешет.

“Менин буга кѳз карашым түз. Аял кишилер назик жан болгондуктан аларга жардамдашыш керек, мындан уялбаш керек. Аял эркектин жумушу деп бѳлбѳш керек. Мен деле үйдѳ киши жокто нан жасайм, кир жууйм. Мен мындан уялбайм. Бардыгыбыз укугубуз бирдей”.

Айылда эркектер деле аял кишилерге таандык жумуштарды жасаса, эч ким эрөөн албай турган учурга жетти, анткени Ислан Сатаркул уулу Суусамырда кол өнөрчүлүк кылып кызга сеп камдап, ою-чиймелерди түшүрүп, ошол жасаган иши менен ырахат алат. Кол өнөрчүлүктүн аркасынан көп ийгиликтерге жетишкендигин да жашырбайт.

“Биз кол ѳнѳрчүлүктѳн баштаганбыз ою-чийме, жууркан- тѳшѳк. Кызга септерди жасайбыз. Кол ѳнѳрчүлүк бул жакшы нерсе, канчалык аларды тиккен сайын адам ошончолук ырахат алат. Ишкерликти баштагандан бери, кол ѳнѳрчүлүктүн аракасынан, дүкѳн ачтык аны чоңойттук. үй сатып алдык. Кудайга шүгүр. Жакшы пайда кѳрдүк. Ар бир иштин кыйынчылыгы бар, ошону чыдап кѳтѳрсѳң  анын акыбети кайтат. Алдыда дагы ишкерликти ѳркүндѳтѳйүн деген жакшы ойлор бар”.                      Убагында Исландын колунан чыккан көйнөктөр Суусамырлыктардын брендине айланган, ал айыл тургуну Назимага кыргыздардын улуттук көйнөгүн тигип берген.

“Ал мага кѳйнѳк тигип берген. Мага аябай жакты. Угушума караганда жакшы тикмечи, кѳп кийим тигет ал гана эмес жаздык, жууркан тѳшѳктѳрдү да даярдайт”.   Кыргызстанда алдыда айтылып өткөндөй мындай учурлар кадимкидей көрүнүшкө айланды. Гендердик эксперт Римма Султанованын айтымында “бул дагы азырынча жетишсиз”, анткени “аял эркектин жумуштары деген түшүнүк болбошу керек эле”,-  деп эсептейт. Бул нерсе ар бирибиздин ан-сезимибизде калыптанып калгандыгын айтты.“Негизи аял-эркектердин жумушу деген түшүнүк болбош керек. Гендердик саясатты карап көрө турган болсок, анын эң негизги мааниси эркектер-аялдар деп жумушту бөлбөш керек. Адам укгун да карап чыксак ар бир адам өзү каалаган ишти жасоого укуктуу, деп жазылып турат. Мамлекет бардыгына бирдей шарт түзүп бериш керек. Бул түшүнүктөр биздин аң-сезимибизге орноп калган. Гендердик стереотип деп коебуз. Мурдагы “эл эмне дейт”,- деген жаман түшүнүгүздү жок кыла албай келебиз. Эгер адам аял болбобу эркек болобу жакшы иштерди кылсак эмнеси жаман, тескерисинче биз аларды жалпылап колдоого алышыбыз керек”.

Римма Сутанова  Кыргызстанда, азыркы учурда, жетекчилик кызмат, троллейбус, автобус, техникалык тейлөө, мал чарбачылыгынан баштап, такси айдаган кыз-келиндер, уникалдуу ашпоз, кол-өнөрчүлүк кылган эркектерди кезиктирүүгө болот дейт. Алар ийгиликтерди багынтып, коомдо өз ордуларын таап жатышкандыгын кошумчалады.

Даярдаган: Анарбек Калдыков