Олимпиада жеңүүчүлөрү Бишкек шаарында үч күндүк саякатка барышты

Ноокат райондук билим берүү бөлүмү жана райондук админстрациясынын башчысы аким Маматалиев Давранбек тарабынан «Билим менен саякат» аттуу райондук олимпиада уюштурулду. Олимпиадага 8-9-10-класстын окуучулары кыргыз тили, математика, химия, биология, тарых предметтери боюнча күч сынашты.

 

Олимпиада эки тур менен өткөрүлдү. Биринчи тур аймактарда өткөрүлдү. Олимпиада кирүү акысы 100 сомдон болду. Ал эми аймактык турдан өткөн окуучулар райондук турга жолдомо алышты. Райондук турдан өткөн 40 окуучу Бишкек шаарына барып саякат кылууга мүмкүнчүлүк алышты. Жалпы 33 кыз, жети уул бала жана алардын коопсуздугун көзөмөлдөп, уюштурган 3 мугалим барып келишти. Саякат 3 күнгө созулду. Балдардын жол кире акысын ата-энелер жана кээ бир окуучулардын жол кире акысын айыл өкмөт башчылары төлөп берди. Саякат учурунда балдар жогорку окуу жайларга, улуттук китеп канага, ак үйгө кирүүгө жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алышты. Биология предмети боюнча олимпианын жеңүүчүсү 10-класстын окуучусу Жолборс кызы Барчынай Бишкек шаарына барып келгенден кийинки таасирлери менен бөлүшүп, Бишкек шаарынын кооздугуна жана чоңдугуна суктанып, өзүн окуткан биология мугалими Чолпон Рахманкулова жана олимпиаданы уюштурган уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Келечекте жакшы окуп ЖРТны жакшы тапшырып, келечекте чоң шаарда окуусун улатууну каалагандыгын айтты.

Даярдаган: Жалалова Таңнуру