Баетов айылынын борборундагы саат коюлгандан бери иштебей турат

Баетов айылынын 90 жылдыгына карата борбордук аянтчага саат коюлуп, бирок ал ошол эле күнү иштен чыгып калган. Жашоочулар саат  төрт тарабы төрт башканы көрсөтүп, коюлган күндөн баштап бир да жолу жакшыраак иштей элегин айтышты. 

Баетов айылынын атын атагысы келбеген 47 жаштагы тургуну: «Мен дайыма жумушка бара жатканда сааттын жанынан өтөм. Иштегенин деле көргөн жокмун, кооздук үчүн коюлган го деп да ойлоп койчумун. Эртереек оңдоп коюшса жакшы болот эле. Иштебеген сааттын эч кимге кереги жок деп ойлойм», — деп айтты.

Эске салсак, сааттын ачылыш аземи салтанаттуу түрдө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Кыргыз Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана дагы Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров, Баетов айыл өкмөт башчысы Талантбек Амангазиевичтин катышуусунда өткөн. Сааттын бийиктиги 13 метрди түзөт.

Анын иштен чыгып калганы тууралуу Баетов айыл өкмөт башчы Талантбек Турусбеков: «Төрт тарабына төрт саат бар, бирок бир механизм бир убакта баарын иштете албагандыктан улам саат иштебей жатат. Азыркы убакта оңдоо иштери жүрүп жатат. Эки механизм менен иштетүү үчүн, бирөөнө буйрутма бергенбиз. Ал жакын арада келип калат. Буга чейин дагы оңдоо жүрүп жатты. Алгач өзүнүкүн гана оңдогонбуз. Бирок жыйынтыгында төртөө төрт башка иштеп, оңдоо ишке ашкан жок. Анан дагы Бишкек шаарында механизмди бир гана жерде оңдойт экен. Буюрса жакын арада кайрадан иштей баштайт», — деп билдирди.

Даярдаган: Муктарова Аймырза