Мамлекеттик тилди жер-жерлерде өнүктүрүү боюнча семинар болуп өттү

Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинде Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча семинар болуп өттү.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сектор башчысы Ибраимова Гүлнара келип, облустагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине кыргыз тилин өнүктүрүү максатында жолугушту.

Гүлнара Үмөтбековна өз сөзүндө: Кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы, мектептерде окутулушу, окуу китептери жана «кыргыз тест» боюнча кеңири маалымат берди. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны кыргыз тилди адабий тилдин нормасында сүйлөө керектигин баса белгиледи.

Бул семинарга Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн Окуу усулдук бөлүмүнүн башчысы Маматова Жаркын, №6 Осмонов атындагы гимназия мектебинин кыргыз тили мугалими Арстан Матраимов, №17 Далбаев атындагы гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Фарида Кадырова, №52 Бакиев атындагы орто мектебинин мугалими Мусалиева Арзыкан, №14 1-Май гимназия мектебинин мугалими Абжапарова Гүлжамалдар катышты.

Семинардын соңунда «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болду. Бул таймашка үч топ катышып, өздөрүнүн «Манас таануу» боюнча билимдерин көрсөтө алышты.

ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Калчакеев жана Чокоевалар да бүгүнкү семинар боюнча өз ойлорун ачык, так билдиришип, ийгилик каалашты.

Даярдаган:   Камбарали кызы Гүлназ