Сумбула Юнайтед ийгиликтерди жаратууда

Лейлек районунун Сумбула айыл Өкмөтүнүн Мөл булак финансылык микро компаниясы тарабынан уюштурулган 2007-2008-жылкы жаш өспүрүмдөр арасындагы Республикалык футболдук турнир өтүүдө. Искра айылында түзүлгөн Сумбула Юнайтед футболдук командасы бүгүнкү күндө ийгиликтерге жетишүүдө.Бул тууралуу команданын машыктыруучусу жана Мол Булак компаниясынын кызматкери Шарафидин Алдашовдун маалыматында Мол Булак финансылык кредиттик компаниясы жаштардын арасында бул турнирдин өткөрүүнүн максаты өлкөбүздө келерки 15-20 жыл аралыгында дүйнөлүк масштабдагы команданы чыгаруу.

Футболдук команданы каржылап, турнирге даярдоо айыл өкмөтүн Искра айылындагы аталган компаниянын филиялы аркылуу жүзөгө ашы жатат.

Бүгүнкү күндө Сумбула Юнайтед футболдук командасы Ак-Суу айыл Өкмөтү, Исфана, Сүлүктү шаар башкармалыгынан түзүлгөн командаларын жеңип, ийгиликке жетүүдө.

Каалаган турнирдеги Кулунду жана Жаңы-Жер айыл Өкмөтөрүнүн командалары менен беттешип, жеңишке жетишсе Ысык-Көл облусуна жолдомо алат. Даярдаган: Данияр Исакбаев