Сүлүктүдө Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн тосуп алышты

106

Сүлүктү шаарындагы Кушматов атындагы 9-гимназияда Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн, 11-класстын окуучусу, тарых сабагынын жеңүүчүсү Айзада Эркинова жана 10-класстын окуучусу математика сабагынан жеңүүчү Кызжибек Саматованы салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Салтанаттуу жыйынга Сүлүктү шаарынын вице-мэри Сапаркулова Марзия, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исманов Абдибахап, ата-энелер комитетинин мүчөлөрү катышты. Жыйын соңунда гимназиянын ишмердүүлүгүн системага салып, бир эле учурда так илимдерден жана гуманитардык багыттагы илимдерден бирдей көрсөткүчтөргө жетише алгандыгы үчүн, ата-энелер комитети тарабынан жана педагогикалык жаматтын атынан гимназиянын директору Базаргүл Рустамовага — Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген мугалими наамын ыйгаруу боюнча сунуш берилди.

Даярдаган:      Бакытбек Сапаркулов