Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында айлана- чөйрөнү көрктөндүрүүнүн алкагында Лейлек райондук администрация тарабынан бекитилге иш- чаранын негизинде ар жуманын ишемби күнү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен иш алып барат.
Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Сайпидин Омурзаков төмөнкүлөрдү билдирет:
“Бул иш чара март, апрель, май айларында жүргүзүлүп, айлана чөйрөнү тазалоо менен ар кандай көчөттөрдү отургузуп жашылдандыруу иштерин жүргүзөт”.
Бүгүнкү күндө аймагыбызда дүйнөлүк проблемага айланган таштанды көйгөйү бизде да бар. Көйгөйдү чечүү үчүн айыл Өкмөтү таштанды таштоочу жай ачуу боюнча иш алып барууда.
Даярдаган: Данияр Исакбаев