Таласта китепканачылар таймашты

84

Талас шаарында китепканачылар арасында «Мыкты китепканачы» сынагы өттү.

28- мартта Аман Токтогулов атындагы китепканада Талас облусунун төрт районунун жана Аман Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасынын китепканачыларынын жана усулчуларынын арасында 4 бөлүмдөн турган сынак өткөрүлдү. Биринчиси- кыскача өздөрү жасап жаткан иштер жөнүндө маалымат берип кетүү. Экинчиси- мүнөздөмө берүү, үчүнчүсү- слайддарын көрсөтүү. Ал эми төртүнчүсү- калыстар тарабынан берилген суроолорго жооп берүү.

Ошод эле китепкананын директору сынак тууралуу маалымат берип кетти:

“Мен Жаркыналиева Телегей- Аман Токтогулов атындагы китепкананын директору болуп эмгектенем.

Көк-Кашат айылындагы № 15-китепкана бөлүмүнөн келдим. Бул сынак, катышуучулар өздөрүн быйыл Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругунун, ошондой эле коомдук китепканалардын ассоциациясынын жобосунун негизинде “Жылдын мыкты усулчусу”, “Жылдын мыкты жаш китепканачысы, “Жылдын мыкты айыл өкмөтү”-деген сынак өткөрүлдү. Бул сынактын жыйынтыгы менен 15- майда он биринчи китепканачылардын форуму Бишкек шаарында болот. Форумда биздин тандалган мыкты китепканачыларыбыз республикалык деңгээлде ушул номинацияларга ээ болот.

Бул сынакты баштоого Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана демилге көтөргөн”, -деп билдирип кетти. Калыстар тобуну мүчөсү Нурайым Токтосунованын айтымында:

“Сынак жөндөмдүүлүгүн, билим денгээлин көтөрүү жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүп жатат”,-деди ал.

Бакай-Ата райондук борбордоштурулган китепканасынын мүдүрү өз пикирин айтты:

“Саламатсыздарбы, мен-Сапаралиева Тоту Макулбековна. Сынакка мен өзүмдүн кызматкеримди алып келдим. Аты-Стамбаева Рахат, китепканачы болуп эмгектенет. Бул сынак акыркы жолу 1997- жылы болгон жана мен ага катышып 1-орунду ээлегем. Ошондой эле бул менин кызматкериме чоң таасир тийгизип, көп изденип, жеңүүгө аракеттенип жатат”,-деп айтты.

Натыйжада калыстар тобу катышуучуларга баа берип, сынактын жеңүүчүсү кийинки жума жарыяланат.

Даярдаган: Амина Муратбекова, Адеми Аскарова, Жаныл Жусупбекова