Кыргызстанда биринчи жолу «Кыздар-апалар» аттуу конкурстар жүрүүдө

107

2019-жылдын 10-марттан 30-мартка чейин Кыргызстандын Баткен, Ош, Талас, Ысык-Көл областарынын 16 айылдарында «Кыздар-апалар» аттуу конкурстар жүрүүдө. Конкурстун максаттары: жаш кыздарды мажбурлап турмушка берүүнүн алдын алуу максатында апа менен кыздын ортосундагы мамилени жакшыртуу. Кыздар оюн түрүндө ала качууга дуушар болбоо үчүн өзүн кантип алып турууга, ал эми кызды ала качып кетсе, ал эмне кылуу керектигин үйрөнүшөт.

Конкурс

16 айылдын ар биринде 14-17 жаш курактагы кыздар жана алардын апалары катыша алышат. Сынакка чыгармычылыкты жакшы көргөн, таланттуу, өздөрүнө ишенген, коомчулукка жакшы өзгөрүүлөрдү киргизүүгө даяр болгон талапкерлер тандалышат. Конкурс бир нече турдан турат, алардын ичинде гендердик зомбулукка тиешелуу темасындагы тапшырмалар да болот, мисалы, «Кырдаалдан чыгуу» конкурсунда «Ала качуунун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?», «Ала качкан учурда кыз эмне кылыш керек?», «Ала-качканда жигиттин үйүндө эмне кылуу керек?» аттуу темаларында чакан сценкалар аркылуу катышуучуларга туура жолдору көрсөтүлөт.

Кырдаалдарды сахнадан көрсөтүүдө белгиленген бир учурда аракеттер токтотулуп, кыздар менен апаларга көрсөтүлгөн кырдаалдан чыгуу жолдорун сунуштоого мүмкүнчүлүк берилет. Кийинки конкурс көрүүчүлөр менен катышуучулардын жашы жетелек кыздарды никеге мажбурлоо жана ала качууга байланыштуу мыйзамдар жөнүндө билимдерин бышыктайт.

«Улуу муундар менен жаштардын ортосундагы байланышы жана баарлашуу эрте нике жана ала качуу менен күрөшүүдө негизги мааниге ээ. Ата-энелер кээде ушунчалык тиричилик иштер менен алек болуп кыздарынын кыялдары, каалоолору бар болушу жөнүндө унутуп калышат же ойлоп да коюшпайт. Кыздар апалары менен өздөрүнүн проблемалары жөнүндө ачык бөлүшүшпөйт, ала качууга дуушар болгон учурда эмне кылуу керек экендиги боюнча сүйлөшүшпөйт, жыйынтыгында өзүн кантип алып турууну билишпейт. Биз ишенебиз, «Кыздар-апалар» аттуу конкурстарыбыз мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алып ала качуу, эрте нике деген көйгөйлөрдөн сактап калууга көмөк көрсөтөт», — дейт Назгүл Асангожоева, Кыргызстандагы ХелпЭйдж Интернэшнл уюмунун жетекчиси.

 «Ала качуу – бул биздин коомчулукка болгон кылмыш. Бул сексуалдык, гендердик жана үй бүлөлүк зордук-зомбулук кыздардын коопсуздугуна, эркиндигине, тандоосуна, физикалык кол тийбестигине болгон негизги укуктарын бузууда. Мажбурлап турмушка берүү коомчулукка көп мөөнөттүү терс таасирин тийгизет, аял менен эркектин, кыз менен баланын, ата-эне менен балдардын ортосундагы ишенимдүү мамилени бузат. Биздин долбоор кыздарга болгон зордук-зомбулуктарды актоочу социалдык нормаларды жок кылууга багытталган», — дейт Нургүл Асылбекова, Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү.

2016- жылы өткөн «Гендер коомчулуктун түшүнүгүндө» аттуу изилдөөнүн негизинде, адамдардын көпчүлүгү мажбурлап турмушка берүүгө каршы болгондугуна карабастан, сурамжылоого катышкандардын 25% алардын кыздарын же эже-сиңдилерин ала качып кетишсе эч нерсе кылбаганын билдиришти. Алардын айтышы боюнча кыз өзу чечет калабы же кетеби.

Ошентип, жоопкерчилик дагы деле кыздардын мойнуна оодарылып калууда. Аларга ала качууга дуушар болгон учурда ата-энелери колдоп каалоосуз никеден алып калат деген ишеним сезимдер киргизилбейт. Кыргыздардын үй бүлөлөрүндө ата-энелер менен балдардын ортосундагы ачык диалог жүргүзүү маданияты жок эсе. Ошондуктан, кыздар ала качуунун алдын алуусун билишпейт, ал эми ала качууга дуушар болгондо даяр эместигин көрсөтүшөт.

Конкурс «Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшү» долбоорунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү түзүмү (“БУУнун Аялдар” түзүмү), “ХелпЭйдж Интернэшнл,” “Агенты перемен” уюмдары тарабынан жана Европа биримдигинин каржылоосу менен өткөрүлүүдө.

Пресс релиз

Даярдаган: Мериза Эмилбекова, Кыргызстандагы «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн коомчулук менен байланышуу боюнча адиси