8-март белектерди жана гүлдесте берүүнүн майрамыбы?

138

8-март кандай майрам деп айымдардан сураганыбызда, алар жылмаю менен, бул күн күйөөсүнүн эртең менен тургандан баштап кечке чейинки кылган камкордугун, белеке алган гүлдестесин, жакындарынын өзгөчө мамилесин айтып эскеришет. 

8-март күнү бүткүл ааламдагы эркек аттуунун бары аялдарына, кыздарына, эжелерине, карындаштарына болгон жылуу сөздөрүн, куттуктоолорун арнап, ал түгүл ошол күнү аялдарга таандык болгон жумуштарды аткарышат. Кээ бир эркектердин ошол күнү идиш аяктан баштап кирлерин да жууганага жетишишет. Кыскасы айымдардын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылышат.

Ал эми Суусамыр айылындагы айымдардан 8-март майрамынын негизги мааниси эмнеде деп сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, төмөндөгүдөй ойлорун билдиришти.

“8-март жакшы. Бир күн болсо дагы аялдар көнүлүн көтөрүп, майрамдашып бири-бирибизге белек берип көнүлүбүздү көтөрүп алабыз. Ушу бир күндү дагы аялдар үчүн берип койгонуна да ыраазыбыз. Кичинекей чагыбыздан баштап эле аялдардын эл аралык майрамы деп билебиз, энелерибизди кыздарыбызды, өзүбүздү сүйүнткөн майрам. Аябай жакшы майрамдашат, жакшы баалашат. Маанисин айтканда, жеке эле белек бербей бир күн болсо дагы айымдарга жакшынакай мамиле кылып, жакшы маанайда өткөрүп койсок болот”.

Кулматов Нурдасан Суусамыр айылдык кеңештин төрагасы. Анын айтымында, 8-март майрамы өз мезгилинде туура кабыл алынган. Айымдар үчүн бул да аздык кыларын билдирди.

“Майрам өтө чон майрам, себеп дегенде бейиш эненин таманында деп коет. Менин оюмча эң туура кабыл алынган. Бул да аздык кылат. Энелерибиз үчүн, себеп дегенде эне деген эне. Дайыма энелерибиз, эжелерибиз жалпы айымдар, бар болсун! Аман болсун!”

Эркектердин айымдарга карата мындай мамилеси албетте кубандырбай койбойт. Тарыхка кайрыла турган болсок, америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1857-жылдын 8-март күнү Нью-Йорк шаарында митингге чыгышкан. Америкалык Социалисттик партия 1909-жылы февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салган. Ошентип, Аялдардын күнүн белгилөө алардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланган. Аялдардын Эл аралык күнү Клара Цеткиндинсунушу менен 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн социалисткалардын II Эл аралык конференциясында кабыл алынган. Азыркы күндө 8-март — Аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынган.

Айыл тургуну Алыпсатаров Урматтын айтымында убагында аялдарга теңсиздик болгон, аларды экинчи сорттогу адам катары көрүшкөн, ошондуктан, аялдар эркектер менен бирдей укукта болууну каалашып, Клара Цеткин баштаган аялдар 8 март майрамын сунуш кылышып чыгышкандыгын айтты:  

“Клара Цеткин аялдардын теңчилиги, гендердик теңчилик маселесин көтөрүп 8 мартты аялдардын эл аралык майрамы кылып белгилеген.

Албетте, бул 8 март майрамы туура эле кабыл алынган. Бир кезде аялдарга теңсиздик болгон аларды экинчи сорттогу адам катары көрүшкөн, ошондуктан аялдар эркектер менен бирдей укукта болсун деп, ушул 8 март майрамын сунуш кылышып чыгышкан.  8-март майрамы жакшы майрам. Энелердин майрамы. Энелерибизди, карындаштарыбызды, эжелерибизди кандай жакшы көрсөк бул майрам ошончолук биз үчүн маанилүү”.
8-март айрым эркектердин тамаша иретинде 23-февраль күнү алган байпагынан, сакал алгыч, жуунучу каражаттарынан кутулуу күнү эмес. Негизгиси айымдар үчүн белектер биринчи орунда турбайт. Бул күн айымдарга өздөрүнүн укугу үчүн күрөшүүнүн, башкалар менен бирдей теңчиликте болуунун ачкычы. Ар кандай зомбулуктарга, басмырлоолорго азыркы күнгө чейин кабылып келатышса дагы, ага каршы туруу күнү. Аялдар дүйнөдө жана биздин өлкөдө азыркыга чейин үй- бүлөлүк, сексуалдык зомбулука кабылып келишет. Ал эми зөөкүрлөр жазадан четте калышат. Айрымдары бул көрүнүштү салт катары, ушундай болуш керек деген пикирди карманышат. Ушундан улам зомбулука кабылгандар көшөгө артында калып келет. БУУнун маалыматына таяна турган болсок үй-бүлөлүк зомбулука кабылып, кризистик борборлорго кайрылгандардын саны жылына 8 000 ди түзөт ала качуунун 60 пайызы алыскы аймактарга туура келет жана каттоого алынбай ажырашуу болгон учурда кыздын укугу көңүл сыртында калып калган учурлар жок эмес. Жогорку Кенеште аялдар 19 пайызды тузуп, жергиликтүү кеңештердин ар бешинчисинде аялдар жок. Укук борбору коомдук фондунун юристи, адвокат Айжан Кадырова зомбулукка кабылган айымдарга кандай мыйзамдар каралгандыгын айтып, айымдарды зордук- зомбулуктан коргоо коомубуздун да түздөн түз милдети деп эсептейт.

“Үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз укуктарынын тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруусун камсыз кылууну, бул  укуктарда сот аркылуу коргоо мумкунчулугунун мамилелериндеги гендердик тендиктин зарылдыгынан улам келип чыгат.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучунун укуктары бар. Алардын укуктарына, биринчиден уй-булодо зомбулук жасалгандыгынын фактысы же аны жасоо коркунучу туулгандыгы жөнүндө ички иштер органына, болбосо прокуратурага, мамлекеттик же болбосо расмий тилдерде арыз берууго укугу бар. Медициналык мекемеге жеткирилүүгө жана алгачкы медициналык  жардам алууга, укугу бар жана ошондой эле медициналык мекемеге жеткиргенден кийин жашоого шайкеш келбеген кандайдыр бир жаракат алса сөзсүз медициналык адистер тарабынан, ички иштер органдарына кайрылууга жана ошондой эле өзүнүн каалоосу боюнча коопсуз жерге көчүрүлүүгө, мамлекеттик аймактык социалдык мекемелерге жайгаштырылууга, өзүнүн коопсуздугун камсыз кылган мыйзамдар жана укуктары тууралуу, юридикалык жардам алууга, жашаган жери баюнча аксакалдар сотуна кайрылууга, зомбулук жасаган адамды адмнистрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн коргоо ордерине алууга, болбосо тийиштүү органдарга кайрылууга укуктуу. Мындан тышкары, менин оюмча аялдарды зомбулуктан коргоого, жалпы коомдун дагы түздөн-түз милдети бар”.  Аялдар физикалык жактан алсыз болсо дагы, эркектер менен тентайлаша иш алып барууга жөндөмдүү. Ошондуктан үй ичиндеги жумуштарды эркектер дагы жасап аялдарына жардам берүүгө эмнеге болбосун деген суроо туулат. Үй ичиндеги жумуштарды жалгыз аялдарга эле жүктөп кою аялдарга кошумча түйшүк гана жаратпастан, карьералык өсүүдө артка тартып коюшу мүмкүн. Ар бир үй-бүлө мүчөлөрү бирдей укукка ээ болгондой эле, аялдардын укутары бирдей болушу шарт. Дүйнөдө жана мамлекетибизде аялдардын коомдо туруктуу орду болгондугу учун 8-март майрамы белгиленип келет, андыктан келгиле ойлонолу. Биз сиздер менен  8-март майрамын кантип туура белгилесек болот.

Даярдаган: Калдыков Анарбек.