Нооруз майрамына карата иш-чара болду

102

Бүгүн 18-март  күнү Талас шаарындагы  Аман Токтогулов атындагы китепканада сүмөлөк бышырылды.

Иш-чарага №90 кесиптик лицейдин студенттери жана ардагерлер келип катышышты. Бул иш-чарада ар кандай кыргыздын улуттук оюндары уюштурулду. Бизге кенерирээк маалыматты Аман Токтогулов атындагы китепкананын усулдук бөлүмүнун башчысы  Гүлсада Тайлакова айтып берди:

“Бүгүнкү иш-чаранын уюштурулган себеби, жалпы эле мусулмандардын келе жаткан Нооруз майрамы келе жатат. Биз ушул майрамга карата иш-чараны бүгүнкү күнгө уюштурдук. Иш-чара менен биз жаштарга сүмөлөктү кайнатканды, кыргыздын улуттук оюндарын, үрп-адаттарын жана улуттук кийимдерин көрсөтүү болду. Төмөндө аталган иш-чарада Рая деген эжебиз бар, ал эженин небересинин тушоосу кесилди. Алдыга койгон максаттарыбыз, азыркы убакта жаштар кыргыздын каада- салттарын, сүмөлөктү унутуп бара жатышат. Биздин максат жаштарга көбүрөөк маалымат берүү”,-деп айтты.

Ал эми иш-чаранын катышуучусу Айдай Анарбекова өз оюн айта кетти:

“Бүгүнкү иш-чара абдан кызыктуу өтүп жатат, мага абдан жакты. Өзүмө көп пайдалуу нерселерди ала алдым. Баарынан дагы мага сүмөлөк жакты, биринчи жолу даамын татып көрдүм жана сүмөлөктү бышырган дагы абдан кызыктуу экен”,-деп билдирди.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева, Сезим Эшенкулова