Тогуз-Тородо калпак күнү белгиленди

95

Тогуз-Тородо калпак күнү белгиленип, бул иш- чарага бардык мекемелер, жаштар катышышты. Тогуз-Торо райондук тарыхый Этнографиялык музей тарабынан «Кылым карыткан кыргыз калпагы» аттуу сүрөт көргөзмө чыгарылды.

Жөө жүрүшкө чыккан Эмил Жумабаев: “Азыркы учурда улуттук кийимдер көбөйүп, жанданып бараткандыгы кубандырат. Ушундай иш- чаралар байма-бай өткөрүлүп турса, улуттук балуулуктарыбызды, тамак-аштарыбызды даңазаланып, эстелип турат. Биздин кийинки муундарыбыз эстеп турат”, -деп оюн билдирди Жумабаев.

Тогуз-Торо районунда буга чейин да калпак күнү белгиленип келген.

 Даярдаган: Нуриза Рыскулова