Диний экстремизмге каршыбыз!

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында «Диний экстремизмге каршыбыз» аттуу өзгөчө иш чара болуп өттү. 

Иш чарага Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу беш мектептин окуучулары катышышты. 1-орунга Арбын орто мектеби, 2- орунга Жапар Нышанов орто мектеби, 3-орунга Шаңкол орто мектеби, 4-орунга Дары-Суу орто мектеби, жана ошондой эле 5-орунга Байыш орто мектеби болуп окуучулар, (катышуучулар)  өз сыйлыктарын алып кетишишти.

Калыстар тобунун мүчөсү, маданият үйүнүн башчысы Кочкорбай Тажибаевдин айтымында » Азыркы жаштарды колдоо максатында, эл журтубузду биримдикке чакыруу максатында болду жана аны менен кошо бул жерде радикализмди түшүнүү да максатында иш чара болуп өттү. Бардык катышкан мектептерге аларды даярдаган мугалимдерге рахмат демекчимин, келечек жаштардын колунда ошондуктан дагы да ушундай иш чаралар боло берсин, бар болгула, бай болгула. Баарыңарга ийгилик»- деп билдирди Тажибаев.

Уюштуруучу Исламбек Сарыевдин айтымында «Биз Ноокат коомдук жаштар бирикмесинен келдик, биздин негизги максат радикализмдин алдын алуу, жаштарга бир аз болсо да түшүнүк берүү болду, балдар аябай жакшы,катуу даярданып, өзгөчө формалар менен келип мыкты деңгээлде аткарып, көркөмдөп, өз ойлорун чагылдырып беришти. Биз балдарга ыраазы болдук, 1-2-3-4-5-орундарга чейин белектерди бердик, сыйлыктар «Жаш Ниет» коомдук бирикмесинин башчысы Нургүл Караева тарабынан берилди, аларга да ыраазычылык билдиребиз»-деп билдирди Сарыев.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.