«Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу конкурс болуп өттү

Ак-Талаа районунун Баетов айылында Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу конкурс болуп өттү.

Сынактын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлиги, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы алгачкы клубу – «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу- усулдук борбору. Сынактын максаты жаш бийчи, ырчы аткаруучуларды алып чыгуу, алардын чыгармачылык дараметин ишке ашыруу жана балдардын чыгармачылыгы аркылуу өлкөбүздүн маданиятын танытууга багытталган. Катышуучулар 3 номинацияга бөлүндү: вокал, хореография жана инструменталдык жанр (жекече номер). Орун алган окуучулар грамоталар менен сыйланышты.

Даярдаган: Муктарова Аймырза