Депутат элеттик айымдарды майрамы менен куттуктады

Ноокат районунун батыш аймагындагы 7 айыл өкмөтүнүн ардактуу аялдарына Жогорку кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Улуу-Тоо кафесинде майрамдык кече уюштуруп берди. Кечеге  Көк-Жар, Бел, Найман, Он эки бел, Төөлөс, Ынтымак, Кулатов айыл өкмөттөрүнөн жалпы 320 ардактуу энелер катыша алышты.

Алардын ичинен 46 баатыр эне, эмгек ветерандары, 13 бала төрөп, тарбиялап чоңойткон Айдарова Шаарван эне, 11 бала төрөп тарбиялаган 2 аял жана 10 баланын кадырлуу энелери жетөө, 7ден балдары бар энелер да баары катышышты. Аялдар үчүн даярдалган дасторкон жогорку деңгээлде даярдалган. Кулатов айыл өкмөтүнүн Кулуштан орто мектебинин окуучулары энелер үчүн атайын «Энелер үйдүн куту» деген темада концерттик программа даярдап келишип энелердин маанайын көтөрүштү. Андан сыртткары таланттуу энелер ырдап, бийлеп өз өнөрлөрүн таартуулашып, белек бекчектер менен сыйланышты. Майрамдык кечеге катышкан жалпы айымдарга энелердин символу болгон  «Ак жоолук» баштарына уюштуруучулар тарыбынан салынды. Кече үч жарым саатка созулуп энелер Жогорку кеңештин депутаты Махабат Мавляновага ишине ийгилик каалап, алакан жайып баталарын беришти. Уюштуруучу  коомдук активист Сулайманова Асилкан эже Махабат Мавлянованын энелерге арналган куттуктоосун жеткирди.

Даярдаган: Жалалова Таңнуру